Шамил Атаханов: Участкалык милициялар аларга тиешесиз жумушту аткарып атат

Ысык-Көл облусунун 220 участкалык инспектору бир жылда соттордун 4 миң тапшырмасын аткарууда. Бул тууралуу ички иштер министри Шамил Атаханов журналисттер менен болгон жолугушууда билдирди.

Анын айтымында, ИИМди реформалоо участкалык инспекторлордун ишинин өзгөрүшү менен башталууда.

"Союз маалында сот аткаруучулар деген жок болчу. Ошондуктан алардын милдетин участкалык милиционерлер аткарган. Учурда деле участкалык инспекторлор түрдүү сот иши тууралуу билдирүүлөрдү жеткирүү менен алек. Бул толугу менен туура эмес. Ошондуктан калк укук коргоо органдарынан күткөн жардамды ала албай атат", - дейт министр.

Эскертсек, бүгүн ИИМдин жыйынтыктоочу коллегиясында премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев өкмөт участкалык инспекторлордун жана өспүрүмдөр менен иш алып барган испекторлордун айылыгын көтөрүүнү караштырып атканын билдирген болчу.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД