"Ата-Журт": Ташиев жана Жапаровун аракеттери алдын ала сүйлөшүлгөн эмес

260  0

Камчыбек Ташиев жана Садыр Жапаровдун кечээ күнкү митингдеги аракеттери алдын ала сүйлөшүлгөн эмес. Бул тууралуу "Ата Журт" партиясынын маалымат катчысы Нургазы Анаркулов Бишкекте өткөн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, митинг алдында депутаттар менен митингди уюштуруучулар ортосунда бийликти басып алуу боюнча эч кандай жашыруун сүйлөшүүлөр болгон эмес. "Эл митингге өзү келди. Ташиев аларды бийликти басып алууга чакырган эмес", - дейт ал.

Ал ошондой эле Ташиевдин бутуна ок тийгенин кошумчалады. "Өзүңүздөр билгендей ал бутунан жараат алып, операция жасалды".

Эске салсак, "Кумтөрдү" улутташтыруу боюнча 1000ге жакын тарапкер митингге чыгышкан. Анын демилгечиси Садыр Жапаров болгон. Чогулган эл "Ата Журт" партиясынын лидери Камчыбек Ташиевдин чакырыгынан кийин, Ак үйдүн темир торлорун аттап өтүүгө аракет кылышкан. Укук коргоо органдарынын өкүлдөрү көздөн жаш чыгаруучу газды жана катуу үн чыгаруучу гранаталарды колдонгон.

Бишкек шаардык тез жардам станциясынын башкы врач жардамчысы Гүлнара Ташибекованын билдиришинче, Ала-Тоо аянтындагы баш аламандыктан 10дой киши жабыр тарткан.

Бүгүн түнү "Ата-Журт" фракциясынын лидери Садыр Жапаров жана аталган партиянын жетекчиси Камчыбек Ташиев МУККнын убактылуу кармоочу жайына 48 саатка камакка алынган.

Комментарии
Комментарии от анонимных пользователей появляются на сайте только после проверки модератором. Если вы хотите, чтобы ваш комментарий был опубликован сразу, то авторизуйтесь
Правила комментирования
На нашем сайте нельзя:
  • нецензурно выражаться
  • публиковать оскорбления в чей-либо адрес, в том числе комментаторов
  • угрожать явно или неявно любому лицу, в том числе "встретиться, чтобы поговорить"
  • публиковать компромат без готовности предоставить доказательства или свидетельские показания
  • публиковать комментарии, противоречащие законодательству КР
  • публиковать комментарии в транслите
  • выделять комментарии заглавным шрифтом
  • публиковать оскорбительные комментарии, связанные с национальной принадлежностью, вероисповеданием
  • писать под одной новостью комментарии под разными никами
  • запрещается использовать в качестве ников слова "ВБ", "Вечерний Бишкек", "Вечерка" и другие словосочетания, указывающие на то, что комментатор высказывается от имени интернет-редакции
  • размещать комментарии, не связанные по смыслу с темой материала
НАВЕРХ  
НАЗАД