Швейцария Кыргызстанга болгон финансылык колдоону бир жарым эсеге көбөйтөт

Швейцария бул жылы башка өлкөлөр менен мамилени өнүктүрүү багытындагы программаларын каржылоону көбөйтүү тууралуу чечим кабыл алды. Бул тууралуу Швейцария Кантон кеңешинин президенти (Швейцариянын жогорку палатасынын төрагасы) Ханс Альтерр КРдин биринчи вице-премьер министри Жоомарт Оторбаев менен болгон жолугушууда билдирди.

Анын маалыматына ылайык, өзгөчө Кыргызстан боюнча долбоорлорду каржылоо 50 пайызга көбөйөт. Колдоо программасы 2014-2016-жылдарга кабыл алынды. Канча суммадагы жардам көргөзүлөрү жолугушууда так айтылган жок.

Альтерр программалык иштер 2014-жылы башталарын, пландоо боюнча иштер кийинки жылы башталарын белгиледи.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД