Милиция жашы жете элек кызды зордуктаган шектүүнү кармады

14 жаштагы кызды зордуктаган шектүү милиция кызматкерлери тарабынан кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБинин басмасөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кылмыш иши өткөн дем алыш күндөрү саат 23.00 чамасында шаардын борборунда болгон. Жабырлануучунун айтымында, Урмат аттуу алыс таанышы аны Пушкин жана Раззаков көчөлөрүнүн кесилишинен сабап, андан соң зордуктаган.

ИИМдин коргоо бөлүмүнүн кызматкерлери изи сууй элегинде 21 жаштагы шектүү жаранды кармашкан. Иликтөө иштери жүрүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД