Кулов вновь стал жертвой политической проституции (перевод)

После выборов, прошедших 25 ноября, в стране возникло сильное напряжение. Повсеместное нарушение закона и перепалки между сторонами чуть не привели к распаду коалиции и уходу правительства. Но попытки развалить коалицию все еще не прекратились. Депутат фракции «Ар-Намыс» Турсунбай Бакир уулу заявил, что вопрос об уходе из коалиции большинства все еще будет рассматриваться. Изменить конфигурацию управления желают не только оппозиционные фракции, но уже и не секрет, что и внутри СДПК и «Ата Мекена» достаточно желающих.

Оппозиционные атажуртовцы и республиканцы, почувствовав слабость правящей коалиции, целенаправленно пытаются ее развалить.

Оппозиционные партии любыми путями хотят прийти к власти. Соблазнившись креслом премьер-министра, Феликс Кулов в очередной раз стал жертвой политической проституции. Ну а Атамбаев и Текебаев зубами держатся за свою власть. Экс-премьер-министр Бабанов только подливает масла в огонь. В общем, не время тратить силы на интересы народа и государства. Каждый тянет одеяло на себя.

Нынешняя система как раз так и устроена. Есть поле для борьбы. Хочешь, устраивай политические игры, собирай и опять разваливай, главное - после ни на кого не жаловаться. С тех пор как прошли парламентские выборы, политики только и занимаются тем, что создают и распускают правящую коалицию. Все остальное им не столь важно. Ведь для них оказаться в коалиции большинства - значит иметь привилегии, и вся ответственность снимается автоматически.

Сказанные Равшаном Жээнбековым с трибуны парламента слова о том, что «в Кыргызстане вновь начал устанавливаться авторитаризм», облетели общественность. Народ, наступивший дважды на одни и те же грабли, не желает вновь ошибаться. Негатив по отношению к Атамбаеву среди людей начал расти.

Недавно президент созвал всех журналистов в государственную резиденцию, чтобы поздравить с профессиональным праздником. Вместо поздравлений журналистам, особенно представителям кыргызскоязычной прессы, пришлось выслушивать град критики и нравоучений в свой адрес. И без того еле сдерживаемые журналисты обрушились нелестными отзывами о нем в своих изданиях.

Чтобы там ни говорили, но этот проступок нанес ощутимый ущерб авторитету президента. Падает авторитет президента, вместе с тем разваливаются его попытки создать коалицию. Это, в свою очередь, укрепляет оппозицию и его внутренних оппонентов. Сколько будет продолжаться эта бесконечная борьба, неизвестно. Время покажет…

Кулов кайтадан саясый сойкулуктун курмандыгы болду. Бирок үмүт оту дале...

25-ноябрда болуп өткөн жергиликтүү кеңештердин шайлоосу өлкөдө бир далай чыңалууну пайда кылды. Мыйзам бузуулардын айынан жер-жерлерде чыккан кайым айтышуулар борбордо үлкөн тирешүүгө айланып, бийлик башындагы башкаруучу коалициянын «ынтымагына» жарака салып, коалиция ыдырап, өкмөт кете турган болуп барып араң токтогонсуду окшойт. Бирок, коалицияны бузуп, башкача башкарабыз деген аракеттер дагы деле токтой элек. «Ар-Намыс» фракциясынын депутаты Турсунбай Бакир уулу, коалициядан чыгуу маселеси кайрадан караларын эскертти. Анвар Артыков менен Абдырахман Маматалиевдин «коалицияны бузбай тынбайбыз» деген демилгелери да дагы бир топ «арнамысчы» депутаттардын колдоосуна ээ болуп, маселе күн тартибинен алынчудай түрү жок. Башкаруунун конфигурациясын өзгөртүүнү каалагандар оппозициялык фракциялар эле эмес, керек болсо, КСДП менен «Ата Мекендин» өзүлөрүнүн ичинде да бар экени жашыруун болбой калды.

Ошентип, КСДП, «Ата Мекен», «Ар-Намыс» фракцияларынын 67 депутатынын добуштары менен көпчүлүктү түзүп турган «Ырыс алды ынтымак» коалициясы ички ажырымдын кесепетинен катуу жабыркап турат. Башкаруучу коалициянын «ынтымагына» (сапатына) катуу доо кетип, бүгүнкү күндө, 50нүн тегерегинде гана добуштарды көзөмөлдөө мүмкүнчүлүктөрү калды. Б.а, иш жүзүндө көпчүлүктү түзүшөөрүн тастыктай албай турган абалга кептелишип, жада калса коалициянын жалпы жыйынын чакырууга чамалары жетпей турган кез.

Эми кантип керектүү мыйзамдарды, токтомдорду кабыл алууга жетишип, кантип башкаруучулук саясатты жүргүзүшөөрү, деги эле, мындан ары кантип башкаруучу коалициябыз дешээри белгисиз. Кырдаалды баамдаган серепчилер деле, «биримдигибизди сактап калдык» деп, өзүлөрүн жооткотумуш болуп жаткан КСДП менен «атамекенчилердин» кебине ынанышпай, кризистин резинкадай чоюлуп, тетирисинче, татаалдашып баратканын айтышууда.

Маселе дагы деле бир жаңсыл болбой, башкаруучу бирикменин борпоңдугу бар экенин сезип калган, оппозициячыл «атажуртчулар» менен «республикачылар», анан дагы коалициянын урашын, Жогорку Кеңештин таркашын көздөгөн бирдалай саясый күчтөр болушунча жан үрөп, коалицияны бузуу идеясы үстүндө алпурушууда.

Оппозициячыл фракциялар болсо, баягы «сокурдун тилегени эки көз» дегендей, эптеп башка коалиция түзүүгө жетишип, бийликке келүүнү каалап жатышат. Алардын азгырыгы менен күүлөнүп, премьер-министр болууга кам урган Феликс Куловдун дагы жолу ачылбай, фракциясындагы саясый сойкулуктун курмандыгы болуусу уланып, бирок дагы деле үмүтү өчө электиги байкалууда. Бийлик башындагы Атамбаев менен Текебаевдер, албетте, колдогуну жулдурбоо үчүн жандалбастоодо. Башка күчтөргө болсо жаңы шайлоо, бийликке жетүүгө шанс керек. Ал эми Атамбаевдин айткандарынын баарысы «лапша» экенине көзү жеткен экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов да ачык чыга албаганы менен, жөн жатып калбай, тымызын отко май куйуу менен алек. Башка арга таппагандай. Кыскасы ар ким «өз көмөчүнө күл тарткан" заман! Элдин, мамлекеттин кызыкчылыктарына убакыт корото турган кез эмес! Азыр жалпы кызыкчылыктар ураан катары гана пайдаланылып калды. Ал тургай, тар кызыкчылыктардын салгылашуусу жүрүп жатканын жашырып, жабуу, ал үчүн уялуу, тартынуу деген ой жок. Азыр андай түшүнүктөр баркталбаган заман келиптир көрсө…

Анткени азыркы системабыздын маңызы ошол экен, баш мыйзамыбыз боюнча бийлик үчүн ошондой күрөшүү шарты каралыптыр. «Саясый оюнду сал, ыдыратып буз, кулат, уюштур, топто, жаңысын түз, андай колуңдан келсе – азаматсың(!), мөрөй сеники – казынаны бөктөр! Бийликти ал да жыргай бер, кайра тартып кеткенче. Тарттырып ийсең наалыба. Чыгын, чымыркан, күчүңдү топто да кайра жулуп ал. Антпесең болбойт". Башкача кылсаң «мыйзам» бузулат деген заман.

Ошентип, парламенттик шайлоодон бери улам коалиция курабыз деп эле тытышып, жулкушмайдын үстүндө болуп, бийлик талашуудан башка маселелер экинчи планга жылып, көмүскөдө калып калууда. Ошол эле учурда башкаруучу коалициянын курамына кирүү, привелигияларга эле ээ кылбастан, жоопкерчиликтен кутулууга кошумча шанс берээринин талашсыздыгы да бийликке болгон умтулууну күчөтүүдө. Аталган себептерге президенттик бийликтин күчтөнүүсү менен бирге кысмакка алуулардын көбөйө баштагандыгын да кошсок болот. Равшан Жээнбековдун «Кыргызстанда кайрадан авторитаризм орной баштады» деп парламенттин трибунасынан айткан сөзү, коомчулук тарабынан байма-бай кайталанып, айтыла берип, «эки жолу сүткө оозун күйгүзгөн» элдин кооптонуусун жаратып, президент Алмазбек Атамбаевге каршы маанай кеңири кулач жая баштагандай.

Президентке жогоруда айтылгандардын баары аз болуп атканбы (?), айтор, оппонентери жетишпей жаткансып, «ойлонбой сүйлөгөн оңбогон ооруга кабылат», дегендей эле иш кылды. Мамлекеттик резиденцияга, журналистерди майрамдатам, куттуктайм деп чакырып алып, же оозуна ээ боло алмайы кармап кеткениби, же кыргыздар айткандай бир жери тартып, кучунашы кармаганбы, же кыргызча окубаган, кыргызды жек көргөн кеңешчилеринин таасириненби, анысын ким билсин (?), айтор, ошончонун ичинен кыргыз басылмаларына асылып, келекелеп салганы кызык болду. Өзүнө өзү кылып...

«Араң турган көз эле, чыгып кетти өзү эле» дегендей, ансыз деле бийликтин кылган иштерине ичи чыкпай, шылтоо таппай турган журналистерге Кудай берип салды. Кыргызча гезиттер биримдиги (КГБ) деген уюмга дээрлик баардыгы (өкмөттүк эместери) биригип, Атамбаевди шыбап эле жатып калышты. «Майдан» гезити эшектин куйругун жыттатып коллаж жасап, «Алиби», «Жаңы ордо» гезиттери «Ал-мас капитан» деген көлөмдүү макаланы Атамбаевдин мас абалындагы сүрөттөрү менен жарыялады. Башка гезиттер да туш тараптан тытмалап, сындап жатышат. Баштагыдай мамлекеттин башчы эмеспи деп тартынуунун жыты да калган жок. Кадыресе катардагы саясатчыны ур-тепкиге алгандай былчылдатып киришти.

Кандай деген күндө дагы бул окуя Атамбаевге эбегейсиз зыян алып келди. Саясый күчтөрдүн гана эмес, жалпы жумурай журттун астында кадыр-баркы төмөндөй баштады. Буга чейин Өмүрбек Текебаевдин кыргыз гезиттеринин ур-токмогуна кабылган тажырыйбасын көрүп-билип туруп, ошол каталыкты кайталап жатышы Атамбаевдин мамлекет башкара турган деңгээлге өсүп жете электигинен, шашма, ала-качма, али чийки экендигинен кабар берип тургандай. Ошонун айынан анын кадрдык саясатында дагы көптөгөн калпыстыктарга жол берилип, коом ичинде көптөгөн наразычылыктар пайда болууда. Ал тургай, а дегенде эл тарабынан кызуу колдоого алынган коррупцияга каршы күрөшүү багытындагы иштер дагы бүгүнкү күндө катуу сынга алынууда. Өз дегендерди кыйгап өтүү, оппонентерге кыргыйдай тийүү, жоопкерчилике тартуудагы иргеп мамиле кылуу практикасы бар экени коомчулукка эбак дайын болуп, ишеним өчүп барат.

Президенттин кадыр баркы төмөндөгөн сайын, анын коалиция куроо боюнча дараметинин баасы да күн санап куну кетип, оппозициялык фракциялардын да, ички оппонентердин да чечкиндүүлүгүн жаратууда.

Коомчулук ичинде «коалиция таркашы керекпи же таркабай тура турганы пайдалуубу?» деген суроолор, «президентти партиясы менен оппозицияга айдаш керек» деген сунуштар кызуу талкууга алынып, тартышуу тымызын да, ачык да уланууда. «Кандай болсо туура болот, элге, мамлекетке кайсынысы керек?" деген суроого жооп бериш кыйын. Анткени коомчулукта да бул боюнча бирдиктүү пикир жок.

Ошондон улам, бийлик үчүн кармашуу айгышкан деңгээлге чейин көтөрүлүп, буга чейин коалиция курууда чечүүчү таасирдүү күч катары ролду аткарып келген президентти да көзгө илбеген деңгээлге жетти. Мурда «эптеп, Алмазбек Атамбаевдин КСДПсына жабышып коалицияга кирели» дегенден башканы билбеген фракциялар бүгүн башкача сүйлөп калышты. «Баш мыйзам боюнча үчүнчү аракетте коалицияны өзүбүз курабыз, КСДПны оппозицияда калтырабыз», деп тиштенишип турушат. Эми бул «ит жыгылыш» дагы канчага созулуп, арты эмне менен аяктаар экен? Жаңы коалиция куралып, жаңы өкмөт келеби? Же эскиси калабы? Жогорку Кеңеш таркап кайра шайлоо болобу? Аны азырынча айтуу кыйын. Аны бара көрөбүз.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД