Иса Өмүркуов: Таштандыны кайра иштетүү завод куруу үчүн тендер өткөрүлөт

272  0
Расул Усеналиев

Бул жылы таштандыны кайра иштетүүчү заводду куруу маселесин чечүү аз да болсо ордунан козголду. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов шаар бийлигинин бир жыл ичинде аткарган иштери тууралуу “Вечерний Бишкек” интернет-редакциясында болгон маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, шаар бийлигинин көптөгөн жасала элек жана жасай турган иштери бар. “Биздин жасаган иштерибиз албетте жетишкендик эмес. Бир топ жетишпегендиктер жана көйгөйлөр бар. Аларды чечүү үчүн бардык аракеттерди көрөбүз. Бишкектин коммуникациясы жана инфраструктурасы жакышырына аракет көрөбүз”, - дейт ал.

Калаа башчысы ошондой эле Европалык өнүгүү банкы таштандыны кайра иштетүүчү завод курууга каражат карай турганын айтты.

“Быйыл таштандыны кайра иштетүү завод куруу боюнча маселе ордунан жылды. Бул жылы Евораплык өнүгүү банкы 21,6 млн сомго жакын каражат бөлдү. Аталган долбоор мэриянын сайтында турат. Биз муну караштырып, зоводду куруу үчүн тендер өткөрөбүз. Завод экологиялык талаптарга жооп бериши керек”, - дейт ал.

Ал ошондой элк быйыл 30 миңге жакын жаңы кардар кошулганын айтты. Таштанды үчүн ар бир киши башына 15 сом, ал эми пенсионерлер үчүн 4 сом экенин белгиледи. “Албетте, бул өтө төмөнкү сумма”, - дейт шаар башчы.

Комментарии
Комментарии от анонимных пользователей появляются на сайте только после проверки модератором. Если вы хотите, чтобы ваш комментарий был опубликован сразу, то авторизуйтесь
Правила комментирования
На нашем сайте нельзя:
  • нецензурно выражаться
  • публиковать оскорбления в чей-либо адрес, в том числе комментаторов
  • угрожать явно или неявно любому лицу, в том числе "встретиться, чтобы поговорить"
  • публиковать компромат без готовности предоставить доказательства или свидетельские показания
  • публиковать комментарии, противоречащие законодательству КР
  • публиковать комментарии в транслите
  • выделять комментарии заглавным шрифтом
  • публиковать оскорбительные комментарии, связанные с национальной принадлежностью, вероисповеданием
  • писать под одной новостью комментарии под разными никами
  • запрещается использовать в качестве ников слова "ВБ", "Вечерний Бишкек", "Вечерка" и другие словосочетания, указывающие на то, что комментатор высказывается от имени интернет-редакции
  • размещать комментарии, не связанные по смыслу с темой материала
НАВЕРХ  
НАЗАД