Бишкекте 106 миң окуучу болсо, мектептерде 73 миң гана орун бар

560  0
Расул Усеналиев

Бишкектеги мектептерде жана бала бакчаларда пландалгандан бир канча эсе көп окуучу билим алып, тарбияланууда. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов шаар бийлигинин бир жыл ичинде аткарган иштери тууралуу “Вечерний Бишкек” интернет-редакциясында болгон маалымат жыйында билдирди.

Ал акыркы эки жылда "Ак-Өргө" менен "Кара-Жыгач" жаңы конуштарында 960 орундуу эки мектеп курулганын жана №33 мектеп капиталдык оңдоодон өткөнүн билдирди.

“Бүгүнкү күнү шаарда 106 миң окуучу болсо, мектептеги орундардын саны 73 миң. Дагы 33 миң орун жетпейт. Бала бакчаларда 12,5 миң орун болсо, бүгүнкү күнү 25,5 миң баланы тейлегенге жетишип ататбыз”, - дейт шаар башчы.

Ал ошондой эле жаңы конуштарда суу, электр энергия маселелери бар экенин кошумчалады. “Быйыл 38 көмөк чордон орнотулуп, 41 километр кабелдер алмаштырылды. Жылдын аягына чейин дагы 6-7 көмөк чордон орнотулушу керек”, -деп кошумчалады ал.

Шаардагы "Алтын-Ордо", "Бакай-Ата", "Рухий мурас", "Көлмө" жаңы конуштарында быйыл 4,5 км жаңы жол салынганын белгиледи. Мэрдин билдиришинче, былтыр 24 км жаңы жол салынган болчу.

Ал ошондой эле борбор калаанын дагы бир көйгөйү көчөлөргө жарык берүү экенин айтты.

“Учурда шаарда 7 миң көчөгө жарык берүүчү чырак оңдоого муктаж. Ал эми көп кабаттуу үйлөрдүн короосунда 1,5 миң чырак оңдолушу керек”, - дейт ал.

Комментарии
Комментарии от анонимных пользователей появляются на сайте только после проверки модератором. Если вы хотите, чтобы ваш комментарий был опубликован сразу, то авторизуйтесь
Правила комментирования
На нашем сайте нельзя:
  • нецензурно выражаться
  • публиковать оскорбления в чей-либо адрес, в том числе комментаторов
  • угрожать явно или неявно любому лицу, в том числе "встретиться, чтобы поговорить"
  • публиковать компромат без готовности предоставить доказательства или свидетельские показания
  • публиковать комментарии, противоречащие законодательству КР
  • публиковать комментарии в транслите
  • выделять комментарии заглавным шрифтом
  • публиковать оскорбительные комментарии, связанные с национальной принадлежностью, вероисповеданием
  • писать под одной новостью комментарии под разными никами
  • запрещается использовать в качестве ников слова "ВБ", "Вечерний Бишкек", "Вечерка" и другие словосочетания, указывающие на то, что комментатор высказывается от имени интернет-редакции
  • размещать комментарии, не связанные по смыслу с темой материала
НАВЕРХ  
НАЗАД