Бишкекте окуучулардын каникулу 31-декабрдан баштап башталат

Бишкекте окуучулардын каникулу 31-декабрдан 11-январга чейин болот. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басмасөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 20-декабрга карата билим берүү мекемелериндеги абанын температурасы туруктуу болду. Бардык казан мештер жана борбордук жылытуу системасы иштеп атат.

Мектепте окугандардын 85%ы сабакка келүүдө. КР метеокызматынын маалыматына ылайык, 21-декабрдан 29-декабрга чейин абанын температурасы +4 градуска чейин жогорулайт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД