ТИМди үч мамлекеттеги элчиликти жабууга чакырышты

340  1
ВБ

"Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине өтө эле көп каражат жумшалууда, бирок элчиликтердин ишинин эффективдүүлүгү жок", - деп Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы комитетинин бүгүнкү, 21-декабрдагы, жыйынында эркин депутат Өмүрбек Абдрахманов билдирди.

Анын айтымында, министрлик дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн ишинин эффективдүүлүгү боюнча анализ жүргүзбөйт. Депутат Малайзия, Түркмөнстан жана Белорусияда элчиликтин кажети жок деп эсептейт. "Бизге мынча элчиликтин канчалык кереги бар? Өнүккөн мамлекет деп саналган Финляндия биздин аймакта элчилиги жок болчу. Алар эми гана аны ачуу маселеси боюнча иштеп атат. Убагында биздин ишкерлер Малайзия, Дубайдан түрдүү товарларды алып келе башташкан жана аларга элчиликтин кереги деле жок болчу. Алардын азыр деле кереги жок", -дейт Абдырахманов.

Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Кыргызстан менен Малайзиянын ортосунда кызматташуу боюнча кандай долбоорлор иштелип аткандыгы тууралуу жазуу түрүндө кабардар кылууга даяр экенин айтты.

"Сиз каражатты азыр сурап атасыз, андыктан ал тууралуу азыр айтыңыз. Малайзия менен кандай кызматташуу боюнча сөз болуп атат. Малайзиянын премьер-министринин иш сапары учурунда Сиз аны түшкү тамагын өзү төлөөгө мажбур кылгансызбы? Ал түкүрүп туруп кетип калды", - дейт Абдырахманов.

Ал ошондой эле Кытайдагы элчи Пекинден айына батир үчүн 4 миң доллар төлөп атканын маалымдады.

"Бул маалымат туура эмес. Кытайдагы элчинин үйү үчүн айына 3 миң доллар төлөнөт", - деп жооп берди Абдылдаев.

Абдрахманов ошондой эле Белорусиядагы элчиликти да жабуу керектигин белгиледи. "Алар ал жакты биздин мурдагы президентти (Курманбек Бакиев. – vb.kg) киргизип алды. Биз болсо аны да жасай албай атабыз. Белорусия менен кандай мамиле болушу мүмкүн?", - деп депутат суроо салды.

Комментарии
Мир
22.12.2012, 06:51

Эрлан керек болсо 3 миң долларлык квартирада турууга Кытайдагы элчибиз үчүн көптүк кылат.Эл биякта тишинин кирин соруп жатса элчи 3 миң доларга тайраңдап салыктын эсебинен жашабай эле койсун.Элчиликтер козу карындай жайнап кетти.Төшөккө жараша бут сунбайсыңарбы?Элчилердин көпчүлугү мурдун чукуп, өзүнүн бизнесин гүлдөтүп, балачакасына Бишкектен элитный квартира сатып берип товарын сатып, министрлерге кол учтук берип жашап жатат.Руслан да аябай акча баскан, эми сен да жакында тарсайып байыйсың

0
Цитировать
Жалоба модератору
Комментарии от анонимных пользователей появляются на сайте только после проверки модератором. Если вы хотите, чтобы ваш комментарий был опубликован сразу, то авторизуйтесь
Правила комментирования
На нашем сайте нельзя:
  • нецензурно выражаться
  • публиковать оскорбления в чей-либо адрес, в том числе комментаторов
  • угрожать явно или неявно любому лицу, в том числе "встретиться, чтобы поговорить"
  • публиковать компромат без готовности предоставить доказательства или свидетельские показания
  • публиковать комментарии, противоречащие законодательству КР
  • публиковать комментарии в транслите
  • выделять комментарии заглавным шрифтом
  • публиковать оскорбительные комментарии, связанные с национальной принадлежностью, вероисповеданием
  • писать под одной новостью комментарии под разными никами
  • запрещается использовать в качестве ников слова "ВБ", "Вечерний Бишкек", "Вечерка" и другие словосочетания, указывающие на то, что комментатор высказывается от имени интернет-редакции
  • размещать комментарии, не связанные по смыслу с темой материала
НАВЕРХ  
НАЗАД