Бийик тоолуу айылдардын мурдагы тизмеси жаңы тизме иштелип чыккыча өзгөрбөйт

243  0

КР өкмөтү тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу шарттарында жайгашкан калктуу конуштарында иштегендиги үчүн жеңилдетилген пенсиялык камсыздандырууга укук берүүчү калктуу конуштардын тизмесин бекитүү жөнүндө" КР Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун комитетке Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы Мухаммедкалый Абулгазиев сунуштады. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басмасөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, жеңилдетилген пенсиялык камсыздандырууга укук берүүчү калктуу конуштардын тизмесин мурда Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилип келген. Бирок, 2012-жылы тиешелүү мыйзам актылары жокко чыгарылып, тизмени аныктоо КР Өкмөтү тарабынан жүргүзүлүп, Жогорку Кеңештин макулдугу менен бекитилери белгиленген. КР Өкмөтүнүн түзүмү эки ирет алмашкандыгына байланыштуу тизме аныкталып чыккан эмес. Учурда бул жеңилдетилген пенсиялык камсыздандырууга укук берүүчү калктуу конуштардын тизмесин аныктоого мөөнөт талап кылынууда. Мына ушул жагдайларга байланыштуу Жеңилдетилген пенсиялык камсыздандырууга укук берүүчү калктуу конуштардын мурдагы тизмесин узартуу зарылчылыгы келип чыккан.

Талкууда депутаттар бийик тоолуу айылдардын деңиз деңгээлинен 2000 метр бийиктигин тактоо критерийи менен аталган тизме геология жана жаратылыш ресурстары агенттигинин Картография жана геодезия мекемеси тарабынан аныкталарын тактоого алышты. Ошол эле маалда бийик тоолуу айылдарды аныктоодо бир катар айылдарда айрым так эместиктер орун алгандыгы белгиленип, буга дыкат көңүл буруу керектигин эл өкүлдөрү баяндамачыга жана КР Өкмөтүнүн Жогорку Кеңештеги өкүлдөрүнө багытташты.

Соңунда жаңы тизме сунушталганга чейин Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу шарттарында жайгашкан калктуу конуштарында иштегендиги үчүн жеңилдетилген пенсиялык камсыздандырууга укук берүүчү калктуу конуштардын мурдагы тизмесин жактыруу чечими кабыл алынды.

Комментарии
Комментарии от анонимных пользователей появляются на сайте только после проверки модератором. Если вы хотите, чтобы ваш комментарий был опубликован сразу, то авторизуйтесь
Правила комментирования
На нашем сайте нельзя:
  • нецензурно выражаться
  • публиковать оскорбления в чей-либо адрес, в том числе комментаторов
  • угрожать явно или неявно любому лицу, в том числе "встретиться, чтобы поговорить"
  • публиковать компромат без готовности предоставить доказательства или свидетельские показания
  • публиковать комментарии, противоречащие законодательству КР
  • публиковать комментарии в транслите
  • выделять комментарии заглавным шрифтом
  • публиковать оскорбительные комментарии, связанные с национальной принадлежностью, вероисповеданием
  • писать под одной новостью комментарии под разными никами
  • запрещается использовать в качестве ников слова "ВБ", "Вечерний Бишкек", "Вечерка" и другие словосочетания, указывающие на то, что комментатор высказывается от имени интернет-редакции
  • размещать комментарии, не связанные по смыслу с темой материала
НАВЕРХ  
НАЗАД