“Фергана” сайтынын тагдыры Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында талкууланат

227  0
ВБ

Жогорку Кеңештин билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин жыйынында депутат Өмүрбек Абдрахманов коллегаларына "Фергана" сайтына киргизилген чектөөнү алып салууну суранды.

Ал Ош окуялары боюнча убактылуу комиссия өзүнүн токтому менен "Фергана" сайтына чектөө киргизилгенин кошумчалады.

Депутатка прокуратурадан жүйөлүү себеби жок ведомство веб-ресурстарына чектөө кое албайт, бир гана соттун чечими аркылуу чектөө киргизилет деп билдиришкен.

"Советтер Союзу учурунда бир гезитти жапса, башкасы ачылып чыга берчү. Азыр "Ферганага" чыккан маалыматтар башка ресурстарга да кайта жарыяланып атат. Биз демократияны түзөбүз деп атабыз, анда ачык иштешибиз керек. Бул сайтты жабуу тууралуу чечимди пленардык жыйынга алып чыгып, аны жокко чыгарууну сунуштайм. Баари бир бул сайтка чыккан маалыматтарга чектөө коюу мүмкүн эмес. Биз авторитардык мамлекеттерге кошулбашыбыз керек", -деди ал.

"Республика" фракциясынын депутаты Роза Акназарова Абдрахмановду колдоого алды.

Жыйынтыгында, комитет Абдрахмановдун сунушун парламенттин сессиясына жиберүү үчүн добуш берди.

Комментарии
Комментарии от анонимных пользователей появляются на сайте только после проверки модератором. Если вы хотите, чтобы ваш комментарий был опубликован сразу, то авторизуйтесь
Правила комментирования
На нашем сайте нельзя:
  • нецензурно выражаться
  • публиковать оскорбления в чей-либо адрес, в том числе комментаторов
  • угрожать явно или неявно любому лицу, в том числе "встретиться, чтобы поговорить"
  • публиковать компромат без готовности предоставить доказательства или свидетельские показания
  • публиковать комментарии, противоречащие законодательству КР
  • публиковать комментарии в транслите
  • выделять комментарии заглавным шрифтом
  • публиковать оскорбительные комментарии, связанные с национальной принадлежностью, вероисповеданием
  • писать под одной новостью комментарии под разными никами
  • запрещается использовать в качестве ников слова "ВБ", "Вечерний Бишкек", "Вечерка" и другие словосочетания, указывающие на то, что комментатор высказывается от имени интернет-редакции
  • размещать комментарии, не связанные по смыслу с темой материала
НАВЕРХ  
НАЗАД