Экология боюнча мамлекеттик инспекция бир жылда 27 миң мыйзам бузууну аныктаган

483  0

2012-жылы Экология жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы 27 миңден ашуун мыйзам бузууну аныктаган. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин отун-энергетикалык комплекси жана кен байлыктарды колдонуу боюнча комитетинин жыйынында мекеменин жетекчиси Осмонбек Артыкбаев билдирди.

Анын айтымында, ишканаларга салынган айып пул 14,5 млн сомдон ашкан. "393 субъектин иши токтотулган. Дагы 2 730 субъекти административдик жоопкерчиликке тартылды. 5 млн сомдон ашык айып салынды. Андан сарткары, кен иштетүүчү 17 компанияга 13 млн сомдон ашуун айып салынган. 3 миңден ашык протокол түзүлдү", - деди Артыкбаев.

Ал Мамлекеттик инспекция өлкө боюнча өзүнүн 17 аймактык башкармалыгын түзгөндүгүн белгиледи. "Ошондой эле 9 профилдик башкы башкармалык бар. Ведомствонун борбордук аппаратында 144 киши иштейт. Аймактардыгы жумушчулардын саны 535 киши. 2012-жылы биз 7 мыйзам долбоорун демилгеледик. Алардын бешөө Жогорку Кеңештин кароосунда, дагы 2 мыйзам долбоору өкмөттө. 6 токтомдун долбоору иштелип чыкты. Алардын бирөө кабыл алынды. Калгандары министрликтер менен ведомстволордун макуладашуусунда", - деп кошумчалады Артыкбаев.

Комментарии
Комментарии от анонимных пользователей появляются на сайте только после проверки модератором. Если вы хотите, чтобы ваш комментарий был опубликован сразу, то авторизуйтесь
Правила комментирования
На нашем сайте нельзя:
  • нецензурно выражаться
  • публиковать оскорбления в чей-либо адрес, в том числе комментаторов
  • угрожать явно или неявно любому лицу, в том числе "встретиться, чтобы поговорить"
  • публиковать компромат без готовности предоставить доказательства или свидетельские показания
  • публиковать комментарии, противоречащие законодательству КР
  • публиковать комментарии в транслите
  • выделять комментарии заглавным шрифтом
  • публиковать оскорбительные комментарии, связанные с национальной принадлежностью, вероисповеданием
  • писать под одной новостью комментарии под разными никами
  • запрещается использовать в качестве ников слова "ВБ", "Вечерний Бишкек", "Вечерка" и другие словосочетания, указывающие на то, что комментатор высказывается от имени интернет-редакции
  • размещать комментарии, не связанные по смыслу с темой материала
НАВЕРХ  
НАЗАД