Турсунбек Акун экинчи жолу акыйкатчы болуп шайланды

402  0
Расул Усеналиев

Өлкөнүн башкы укук коргоочусу болуп Турсунбек Акун Жогорку Кеңештин 23-январдагы жыйынында кайтадан шайланды. Анын талапкерлигин 51 депутат колдосо 43 депутат "каршы" деп добуш берген. Акыйкатчыны шайлоо бюллетен аркылуу жашыруун түрдө өттү. Ошентип Турсунбек Акун экинчи мөөнөткө шайланды.

Ал эми анын атаандашы Тусунбай Бакир уулу 35 "макул" жана 59 "каршы" деген добуш алды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басмасөз кызматы билдирди.

КР акыйкатчылык кызмат ордуна экинчи мөөнөкө шайланган Турсунбек Акун ага чоң ишеним көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирүү менен бирге, мындан ары да өлкөдө адам укуктары менен эркиндиктеринин коргоого баардык аракетин жумшоого убада берди.

Эскертсек, акыйкатчылык кызмат ордуна 16 киши талапкер болгон. Шайлоонун биринчи айлампасында Турсунбек Акун менен Турсунбай Бакир уулу 20дан добуш алып, экинчи айлампага чыгышкан.

Турсунбек Акун 2008-жылдын февраль айынан бери КР акыйкатчысы болуп иштеп келет. Мыйзамга ылайык, КР акыйкатчысы 5 жылдык мөөнөткө шайланат. Ал 14-февраль күнү Жогорку Кеңеште салтанаттуу ант берген соң, өзүнүн экинчи мөөнөттөгү ыйгарым укуктарын аткарууга киришет.

Комментарии
Комментарии от анонимных пользователей появляются на сайте только после проверки модератором. Если вы хотите, чтобы ваш комментарий был опубликован сразу, то авторизуйтесь
Правила комментирования
На нашем сайте нельзя:
  • нецензурно выражаться
  • публиковать оскорбления в чей-либо адрес, в том числе комментаторов
  • угрожать явно или неявно любому лицу, в том числе "встретиться, чтобы поговорить"
  • публиковать компромат без готовности предоставить доказательства или свидетельские показания
  • публиковать комментарии, противоречащие законодательству КР
  • публиковать комментарии в транслите
  • выделять комментарии заглавным шрифтом
  • публиковать оскорбительные комментарии, связанные с национальной принадлежностью, вероисповеданием
  • писать под одной новостью комментарии под разными никами
  • запрещается использовать в качестве ников слова "ВБ", "Вечерний Бишкек", "Вечерка" и другие словосочетания, указывающие на то, что комментатор высказывается от имени интернет-редакции
  • размещать комментарии, не связанные по смыслу с темой материала
НАВЕРХ  
НАЗАД