2012-жылы Орусия кайтадан Кыргызстандын ири соода өнөктөшү болду

285  0
Расул Усеналиев

2012-жылдын жыйынтыгы менен Орусия кайтадан Кыргызстандын ири соода өнөктөшү болду. Эки өлкө ортосундагы товар айлануу өткөн жылы 19,8%га өсүп, биринчи жолу 2 млрд доллардан ашты. Орусиядан Кыргызстанга импорт болгон товардын көлөмү 1 млрд 791,7 млн доллар, ал эми Кыргызстандан Орусияга экспорт болгон товардын көлөмү 219,4 млн долларды түзгөн. Мындай маалыматты Мамлекеттик бажы кызматы таратты.

Маалыматка ылайык, өткөн жылы Кыргызстандын жалпы товар айлануусу 13,6%га өсүп, 7 млрд 40 млн доллар болгон. Кыргызстанга болгон импорттун көлөмү 5,4 млрд доллар, ал эми Кыргызстандан чыккан экспорт 1,7 млрд долларды түзгөн.

Товар айланууда Кыргызстандын экинчи өнөктөшү Кытай. Эки мамлекет ортосундага товар айлануу өткөн жылы 31,9%га өсүп, 1,3 млрд долларды түзгөн.

Коңшу Казакстан менен өткөн жылы товар айлануу 37,3%га өсүп, 920,5 млн долларга өскөн.

Ал эми төртүнчү орунда Швейцария турат. Кыргызстан менен Швейцариянын ортосундагы товар айлануу 36,7%га төмөндөп, 561,6 млн долларды түзгөн.

Ал эми калган мамлекеттер менен болгон товар айлануу 500 млн доллардан ашкан эмес.

Комментарии
Комментарии от анонимных пользователей появляются на сайте только после проверки модератором. Если вы хотите, чтобы ваш комментарий был опубликован сразу, то авторизуйтесь
Правила комментирования
На нашем сайте нельзя:
  • нецензурно выражаться
  • публиковать оскорбления в чей-либо адрес, в том числе комментаторов
  • угрожать явно или неявно любому лицу, в том числе "встретиться, чтобы поговорить"
  • публиковать компромат без готовности предоставить доказательства или свидетельские показания
  • публиковать комментарии, противоречащие законодательству КР
  • публиковать комментарии в транслите
  • выделять комментарии заглавным шрифтом
  • публиковать оскорбительные комментарии, связанные с национальной принадлежностью, вероисповеданием
  • писать под одной новостью комментарии под разными никами
  • запрещается использовать в качестве ников слова "ВБ", "Вечерний Бишкек", "Вечерка" и другие словосочетания, указывающие на то, что комментатор высказывается от имени интернет-редакции
  • размещать комментарии, не связанные по смыслу с темой материала
НАВЕРХ  
НАЗАД