Курмантай Абдиев: ЖКнын гаражында мамлекеттик бир да жол тандабас жок

351  0
Расул Усеналиев

"Парламенттин гаражында бир да жол тандабас машина жок. Бирок жалпыга маалымдоо каражаттары KG номерлери менен турган "крутой" машиналарды көргөзүп атат", - деп бюджет боюнча парламенттик угууда "Ата-Журт" фракциясынын депутаты Курмантай Абдиев билдирди.

Анын айтымында, операторлор темир тордон KG номерлери менен турган депутаттардын жол тандабастарын тартышууда.

"Гаражда андай бир да машина жок. Бул мамлекеттик машина эмес, ал депутаттардын жеке машинасы. ЖМК бул теманы улам-улам көтөрүп, коомдо депутаттык корпуска болгон терс көз караш калыптанууда. Укук коргоочу Рита Карасартова депутаттар айына 47 миң сом айлык алат деп айтты. Мен этика жана регламент комитетинин башчысы катары бардык кошумчаларды кошкондо 42 миң сом алчумун", - дейт Абдиев.

Ал ошондой эле Жалпыга маалымдоо каражаттарына бир депутатка 6 млн сом коройт деп чыгып кеткен маалыматка ачууланды.

"Мындай маалыматты кайдан таап атышат? Бул чындыкка коошпойт, ал эми эл ага ишенип атат. Жогорку Кеңешке болгон чыгым өсүүдө деп айтышууда. Бирок жыл сайын парламенттин бюджети кыскарып атат. Бул тууралуу ЖМК жазган жок, айткан да жок", - дейт депутат.

Комментарии
Комментарии от анонимных пользователей появляются на сайте только после проверки модератором. Если вы хотите, чтобы ваш комментарий был опубликован сразу, то авторизуйтесь
Правила комментирования
На нашем сайте нельзя:
  • нецензурно выражаться
  • публиковать оскорбления в чей-либо адрес, в том числе комментаторов
  • угрожать явно или неявно любому лицу, в том числе "встретиться, чтобы поговорить"
  • публиковать компромат без готовности предоставить доказательства или свидетельские показания
  • публиковать комментарии, противоречащие законодательству КР
  • публиковать комментарии в транслите
  • выделять комментарии заглавным шрифтом
  • публиковать оскорбительные комментарии, связанные с национальной принадлежностью, вероисповеданием
  • писать под одной новостью комментарии под разными никами
  • запрещается использовать в качестве ников слова "ВБ", "Вечерний Бишкек", "Вечерка" и другие словосочетания, указывающие на то, что комментатор высказывается от имени интернет-редакции
  • размещать комментарии, не связанные по смыслу с темой материала
НАВЕРХ  
НАЗАД