Депутаттар педофилдерди химиялык жол менен бычып салууну сунушташууда

324  0
Расул Усеналиев

Жогорку Кеңештин мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитетинин бүгүнкү, 29-январдагы, жыйынында "Ар-Намыс" фракциясынын депутаты Дастан Бекешев мыйзам долбоорун тааныштырды. Ага ылайык, педофилдерди химиялык бычуу аркылуу жазалоо каралган.

Бекешевдин айтымында, акыркы убактарда мындай сексуалдык кылмыштын саны өсүүдө.

"Психикалык жана сексуалдык жактан жапа чеккендер өздөрүнүн каарын балдардан чыгарган окуялар катталууда. Мындай кылмыштардын саны артууда. Алардын алдын алуу боюнча соттун жана медициналык комиссиянын макулдугу менен кылмыш жасагандарды химиялык бычуу чарасын көрүү каралууда. Химиялык бычуу гормондорду саюу аркылуу болот. Бир гормон бир айга жетет", - дейт Бекешев.

Депутат ошондой эле химиялык бычуу тажрыйбасы башка мамлекеттерде колдонулуп келе жатканын белгиледи. "Мисалы, АКШнын Калифорния штатында бул ыкма колдонулат. 2004-жылы Израил да ушундай жазанын түрүн киргизген. 2005-жылы Польша кабыл алса, Швеция жана Данияда химиялык бычуу мурдатан бери эле колдонулуп келет. 2012-жылы Орусия да биздин мыйзам долбооруна окшош мыйзамды кабыл алган. Бул физикалык кастрацияга караганда бир канча эсе гумандуу болуп саналат",-деп кошумчалады Бекешев.

Мыйзам долбоорун иштеп чыгуучулардын бири, "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Ширин Айтматова химиялык бычуу үчүн дарыларды арзан эле сатып алса болорун белгиледи.

Комментарии
Комментарии от анонимных пользователей появляются на сайте только после проверки модератором. Если вы хотите, чтобы ваш комментарий был опубликован сразу, то авторизуйтесь
Правила комментирования
На нашем сайте нельзя:
  • нецензурно выражаться
  • публиковать оскорбления в чей-либо адрес, в том числе комментаторов
  • угрожать явно или неявно любому лицу, в том числе "встретиться, чтобы поговорить"
  • публиковать компромат без готовности предоставить доказательства или свидетельские показания
  • публиковать комментарии, противоречащие законодательству КР
  • публиковать комментарии в транслите
  • выделять комментарии заглавным шрифтом
  • публиковать оскорбительные комментарии, связанные с национальной принадлежностью, вероисповеданием
  • писать под одной новостью комментарии под разными никами
  • запрещается использовать в качестве ников слова "ВБ", "Вечерний Бишкек", "Вечерка" и другие словосочетания, указывающие на то, что комментатор высказывается от имени интернет-редакции
  • размещать комментарии, не связанные по смыслу с темой материала
НАВЕРХ  
НАЗАД