Кемин районунда беш машина кагышып, беш киши каза болду

246  0
Расул Усеналиев

Кемин районунда катталган жол кырсыгында беш машина кагышып, беш киши каза болгон. Бул тууралуу укук коргоо органдарынын кызматкерлери билдирди.

Жол көзөмөлдөө кыймылынын кызматкерлеринин айтымында, жол кырсыгы Бишкек – Торугарт жолунун 80-чакырымында катталган. "Хонда" үлгүсүндөгү эки машина жол талашкан. Алардын артынан келе жаткан айдоочу кагылышуудан качуу үчүн дароо токтогонго мажбур болгон. Андан соң артында келе жаткан 3 машина тең аны сүзгөн. Жол кырсыгы болгон жерден 5 жаран дароо каза болгон. Алардын сөөгү өлүк жайга жеткирилип, өздүгү такталууда. Ошондой эле бир нече киши да ооруканага жаткырылган. Жол кырсыгына ким күнөөлүү экенин тартип сакчылары аныкташат.

Комментарии
Комментарии от анонимных пользователей появляются на сайте только после проверки модератором. Если вы хотите, чтобы ваш комментарий был опубликован сразу, то авторизуйтесь
Правила комментирования
На нашем сайте нельзя:
  • нецензурно выражаться
  • публиковать оскорбления в чей-либо адрес, в том числе комментаторов
  • угрожать явно или неявно любому лицу, в том числе "встретиться, чтобы поговорить"
  • публиковать компромат без готовности предоставить доказательства или свидетельские показания
  • публиковать комментарии, противоречащие законодательству КР
  • публиковать комментарии в транслите
  • выделять комментарии заглавным шрифтом
  • публиковать оскорбительные комментарии, связанные с национальной принадлежностью, вероисповеданием
  • писать под одной новостью комментарии под разными никами
  • запрещается использовать в качестве ников слова "ВБ", "Вечерний Бишкек", "Вечерка" и другие словосочетания, указывающие на то, что комментатор высказывается от имени интернет-редакции
  • размещать комментарии, не связанные по смыслу с темой материала
НАВЕРХ  
НАЗАД