Телефонду сот чечими менен УКМКнын гана тыңшоосуна уруксат берүү сунушталды

246  0
Расул Усеналиев

Жогорку Кеңеште атайын кызмат адамдарынын, тагыраак айтканда, жалгыз гана Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын кызматкерлеринин жарандардын телефон аркылуу сүйлөшүүлөрүн сот чечиминин негизинде гана тыңшоосуна уруксат бере турган "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Ал үчүн Жазык-процесстик кодекске, "Изин суутпай издөө иши жөнүндө", "Электр жана почта байланышы жөнүндө" мыйзамдарга түзөтүүлөрдү киргизүү керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басмасөз кызматы билдирди.

Баяндамачы Курманбек Осмоновдун айтымында, мыйзам долбоору депутаттар тобу тарабынан демилгеленип, Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитетинин, Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин, Коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин колдоосуна ээ болгон. Ошондой эле, сот тарабынан телефон тыңшоо мөөнөтү да алдынала так аныкталууга тийиш.

Депутат Исмаил Исаков ИИМ, прокуратура органдарына, коргоо жана коопсуздук тармактарына да ушундай эле ыйгарым укуктарды берүү жагын да караштырып көрүү зарылчылыгын айтты.

Комментарии
Комментарии от анонимных пользователей появляются на сайте только после проверки модератором. Если вы хотите, чтобы ваш комментарий был опубликован сразу, то авторизуйтесь
Правила комментирования
На нашем сайте нельзя:
  • нецензурно выражаться
  • публиковать оскорбления в чей-либо адрес, в том числе комментаторов
  • угрожать явно или неявно любому лицу, в том числе "встретиться, чтобы поговорить"
  • публиковать компромат без готовности предоставить доказательства или свидетельские показания
  • публиковать комментарии, противоречащие законодательству КР
  • публиковать комментарии в транслите
  • выделять комментарии заглавным шрифтом
  • публиковать оскорбительные комментарии, связанные с национальной принадлежностью, вероисповеданием
  • писать под одной новостью комментарии под разными никами
  • запрещается использовать в качестве ников слова "ВБ", "Вечерний Бишкек", "Вечерка" и другие словосочетания, указывающие на то, что комментатор высказывается от имени интернет-редакции
  • размещать комментарии, не связанные по смыслу с темой материала
НАВЕРХ  
НАЗАД