Садыр Жапаров: Мага коркутуулар болгондон кийин тапанча алып жүрүп калгам

241  0
Расул Усеналиев

"Мага коркутуулар болгондон кийин тапанча жана курал алып жүрүп калгам", - деп "Ата-Журт" фракциясынын депутаттарынын иши боюнча сот отурумунда Садыр Жапаров билдирди.

Анын айтымында, 2012-жылдын 25-сентябрында анын кызматтык бөлмөсүндө Кыргызстандын бардык аймактарынан келген 30дай шайлоочу чогулган. Алардын ичинде Кубат Кожоналиев жана Роза Нарматова да болгон.

"3-октябрда биз "Ала-Тоо" аянтына чогулуп, резолюция кабыл алып, "Кумтөр" жана башка алтын кенин иштеткен компаниялардын маселесин чечип берүүнү талап калмакпыз. Ошондой эле "Элдик көзөмөл" аттуу комитет да түзүүнү каалаганбыз. Митингдин координатору жана алып баруучусу Кубат Кожоналиев болушу керек болчу. Уюштуруучусу мен болчумун", - дейт Жапаров.

Ал ошондой эле, митингден кийин аянттан кеткенин жана "Ак үйгө" эч кандай текшерүүсүз эле киргенин кошумчалады. "Анан мени таңкы саат 4тө кармап, сурак ала башташты. Менин машинамды тинтүү учурунда травматикалык тапанча жана "Сайга" мылтыгын табышты. Бирок бул куралдарга карата менде уруксат бар. Бардык куралдарды мага карата коркутуулар болгондон баштап алып жүрө баштадым",- деди Жапаров.

Комментарии
Комментарии от анонимных пользователей появляются на сайте только после проверки модератором. Если вы хотите, чтобы ваш комментарий был опубликован сразу, то авторизуйтесь
Правила комментирования
На нашем сайте нельзя:
  • нецензурно выражаться
  • публиковать оскорбления в чей-либо адрес, в том числе комментаторов
  • угрожать явно или неявно любому лицу, в том числе "встретиться, чтобы поговорить"
  • публиковать компромат без готовности предоставить доказательства или свидетельские показания
  • публиковать комментарии, противоречащие законодательству КР
  • публиковать комментарии в транслите
  • выделять комментарии заглавным шрифтом
  • публиковать оскорбительные комментарии, связанные с национальной принадлежностью, вероисповеданием
  • писать под одной новостью комментарии под разными никами
  • запрещается использовать в качестве ников слова "ВБ", "Вечерний Бишкек", "Вечерка" и другие словосочетания, указывающие на то, что комментатор высказывается от имени интернет-редакции
  • размещать комментарии, не связанные по смыслу с темой материала
НАВЕРХ  
НАЗАД