Келдибеков Жапаровду бошотуп, орден менен сыйлоону сунуштады

314  0
Расул Усеналиев

"Садыр Жапаровду бошотуп, орден менен сыйлаш керек", - деп оппозициялык "Ата-Журт" фракциясынын жыйынында депутат Ахматбек Келдибеков билдирди. Фракция жыйынында "Кумтөр" боюнча мамлекеттик комиссиянын корутундусу каралууда.

Келдибеков өкмөттө эки жылдан бери кызматта отургандар эмне үчүн "Кумтөр" маселесин ошондо эле көтөрбөй, азыр гана козгоп атканын кызыкты.

Экономика министри Темир Сариев убактылуу өкмөттө үч ай гана иштегенин жана ал убактагы бийликтин мойнунда өлкөдө туруктуулукту камсыз кылуу сыяктуу маанилүү иштер болгонун айтты.

Келдибеков өз кезегинде Садыр Жапаров башында турган парламенттик комиссия "Ата-Журт" фракциясынын демилгеси менен түзүлгөнүн баса белгиледи.

"Бүгүн мамлекеттик комиссия, анын жыйынтыгы туура болгонун айтууда. Эгер ал туура жасаган болсо, анда эмнеге анын башчысы Садыр Жапаровду камакка алып атасыңар? Бүгүн "Кумтөр" боюнча келишимдин жокко чыгарылышы боюнча гана маселе турушу керек. Силер канадалык компаниясыз "Кумтөр" иштебей калат деп атасыңарбы? Бүгүн келишимди жокко чыгарбасаңар эртең силерди жоопкерчиликке тартпайт деп коркпойсуңарбы? Садыр Жапаров отчетун алып чыкканда эч ким ага олуттуу караган эмес, бүгүн мамлекеттик комиссия ошондой эле корутунду чыгарды. Жапаровду бошотуп, ага орден бериш керек", - деди эл өкүлү.

Темир Сариев болсо, эч ким мамлекеттик комиссиянын ишине кийлигише албасын жана анын ар бир мүчөсү өзүнүн ишине жооп бере турганын белгиледи.

"Биздин комиссиянын өзгөчөлүгү анын ачыктыгында", - деп кошумчалады министр.

Комментарии
Комментарии от анонимных пользователей появляются на сайте только после проверки модератором. Если вы хотите, чтобы ваш комментарий был опубликован сразу, то авторизуйтесь
Правила комментирования
На нашем сайте нельзя:
  • нецензурно выражаться
  • публиковать оскорбления в чей-либо адрес, в том числе комментаторов
  • угрожать явно или неявно любому лицу, в том числе "встретиться, чтобы поговорить"
  • публиковать компромат без готовности предоставить доказательства или свидетельские показания
  • публиковать комментарии, противоречащие законодательству КР
  • публиковать комментарии в транслите
  • выделять комментарии заглавным шрифтом
  • публиковать оскорбительные комментарии, связанные с национальной принадлежностью, вероисповеданием
  • писать под одной новостью комментарии под разными никами
  • запрещается использовать в качестве ников слова "ВБ", "Вечерний Бишкек", "Вечерка" и другие словосочетания, указывающие на то, что комментатор высказывается от имени интернет-редакции
  • размещать комментарии, не связанные по смыслу с темой материала
НАВЕРХ  
НАЗАД