Бакир уулу басмачыларды актоо боюнча мыйзам долбоорун даярдап атканын билдирди

479  0
Расул Усеналиев

"Ар-Намыс" фракциясынын депутаты Турсунбай Бакир уулу Жогорку Кеңештин эл аралык иштер боюнча комитетинин Түркияга болгон 4 күндүк сапары аягына чыкканын өзүнүн Facebook социалдык тармагына жазды.

Депутат Кыргызстанга кайтар күнү Стамбулда кызык окуя болгонун жазат. "Кетер күнү Стамбулда кыргыз диаспоранын өкүлдөрү менен кызык учурашуу болду. Алар проблемаларын айткан соң биз дагы ойлорубуз менен болуштук. Өзгөчө Вандык кыргыздардын өкүлү Кенанбей ачуу сөздөрдү айтты. "Кыргыз президенти, премьер-министри, министрлери жана депутаттар Анкара, Стамбулдан эле кайтып кетишет. Эмне үчүн Ванга барышпайт?! Эгерде Ван жана Памирдеги кыргыздар силерге керек болбосок ошентип эле айткыла! Бизге силерден акча же жумуш керек эмес, бизге кыргыз мугалимдерден үчөөнү берсеңер эле болду. Кээ бирөө тарыхий мекенибизде бизди согуштан качып чыккандар деп жаман көрөт экен. Бизди карабасаңар да биз өзүбүздү кыргыз деп эсептейбиз жана сыймыктанабыз!".

Баарыбызды Кенанбейдин сөздөрө катуу толкундантты, ойлонтту. Түркиянын өкмөтү уруксат берсе эле кийинки жолу Ванга сөзсүз барабыз деп убада бердик.

Памир кыргыздардын маселесин чечүүдо өкмөттүк комиссиясы түзүлгөндүгүн, эгерде Памирден жана Вандан кыргыздар Кыргызстанга кайтып келебиз дешсе жеңилдетилген түрдө жарандыкты аларын маалымдадык",- деп жазат эл өкүлү өзүнүн социалдык тармагында.

Депутат ошондой эле "Кыргызстанда 1920-жылдары болгон жарандык согуштун экинчи катышуучусу - басмачыларды актоо боюнча мыйзам долбоорун даярдап атканымды айттым",- деп билдирген.

Комментарии
Комментарии от анонимных пользователей появляются на сайте только после проверки модератором. Если вы хотите, чтобы ваш комментарий был опубликован сразу, то авторизуйтесь
Правила комментирования
На нашем сайте нельзя:
  • нецензурно выражаться
  • публиковать оскорбления в чей-либо адрес, в том числе комментаторов
  • угрожать явно или неявно любому лицу, в том числе "встретиться, чтобы поговорить"
  • публиковать компромат без готовности предоставить доказательства или свидетельские показания
  • публиковать комментарии, противоречащие законодательству КР
  • публиковать комментарии в транслите
  • выделять комментарии заглавным шрифтом
  • публиковать оскорбительные комментарии, связанные с национальной принадлежностью, вероисповеданием
  • писать под одной новостью комментарии под разными никами
  • запрещается использовать в качестве ников слова "ВБ", "Вечерний Бишкек", "Вечерка" и другие словосочетания, указывающие на то, что комментатор высказывается от имени интернет-редакции
  • размещать комментарии, не связанные по смыслу с темой материала
НАВЕРХ  
НАЗАД