Бишкек почтамтын жамааты "Кыргыз почтасынын" жетекчисине нааразы

542  0
Расул Усеналиев

Бишкек почтамтын жамааты "Кыргыз почтасынын" жетекчиси Айдар Мокеновдун учурда жүргүзүп аткан реформасына нааразы болуп, мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевге кайрылуу жолдошту. Жумушчулардан түзүлгөн демилгечи топтун 20 мүчөсү бар. Алар тийиштүү жактарга кайрылуудан майнап чыкпагандыктан акыры президентке кайрылып атышканын билдиришти.

Демилгечи топтун ырасташынча, бүгүнкү күнү почтамтын кызматын 70 миңден ашык пенсионер жана түрдүү жөлөк пулдарды алган адамдар колдонушат. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин байкоочу кеңешинин кароосунан өтпөгөн пилоттук долбоорду ишке киргизүү менен "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасы "Акча жүгүртүүнүн финансылык башкармалыгын убактылуу өткөрүү жөнүндө" буйрукту чыгарып, аны ишке ашырган. Бирок, буйрук чыккан учурда пилоттук долбоорду ишке ашыруунун шарты жана техникалык-экономикалык негизи жок болчу, - деп жазылат кайрылууда. Ушундан улам Бишкек почтамтын 800дөн ашык кызматкеры шашылыш түрдө ишке ашырылып аткан долбоор ийгиликтүү иштеп аткан ишканага олуттуу терс таасир тийгизет деп кооптонушууда.

"Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын аппаратын кармап туруу үчүн Бишкек почтампы жыл сайын белгиленген сумманы төлөп келген. 2009-жылы 8 миллиондон ашык каражат которулса, 2012-жылы 13 млн сом которгон.

Андан сырткары президентке жазылган кайрылууда белгиленгендей "Кыргыз почтасы" Бишкек почтамтын печаттарын өздөрүнө алып, бардык финансылык акча которуу иштерин жасап атат.

"Пилоттук долбоорго ылайык, Бишкек почтамты жумушчуларды алуу жана аларды бошотуу укугунан да ажырады. Штаттык расписаниеге толуктоо-өзгөртүүлөрдү киргизе албайт жана мекеме-уюмдар менен келишим түзө да албайт", - дейт демилгечи топтун мүчөлөрү.

Почтамт кызматкерлерин түйшөлткөн дагы бир маселе бул – финансылык операцияларда, кассалык иштерде жана ведомствонун төлөө филиалдарында Бишкек почтамтын директор менен башкы бухгалтердин фамилияларынын колдонулуп атышы. Бирок алардын ордуна "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишкананын жетекчилери кол коюп атат, дейт демилгечи топ. "Ушундан улам суроо туулат: Жасалма документтер жасалбайт деп ким кепилдик бере алат? Биздин мөөрдү колдонуп жетекчилерди алдап койбойт деп эч ким кепилдик бере албайт", - деп жазылат кайрылууда.

Ал эми "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын директору Айдар Мокенов президент тарабынан сунушталган өнүгүү стратегиясында почта-сактык системасын түзүү боюнча бир нече пункт бар экенин айтат. Ал ошондой эле бүгүнкү күндө көрсөтүлгөн кызматтын 80%ы пенсия, жөлөк пул төлөөгө жана акча которууга туура келет. Биринчи планда айкын төлөө системасын түзүү турат, ансыз финансылык агымды жөнгө салып, башкаруу мүмкүн эмес, - деп "ВБ"га билдирди.

Мокенов ошондой эле накталай акчалар менен иштөөдөгү күңүрт система кызматынан кыянаттык менен пайдаланууга негиз берип атканын баса белгиледи. "Каражаттын жүгүрүүсүн онлайн көргөзүп турган заманбап системаны киргизүү тапшырмасы турат. Ал бардык төлөмдөрдүн абалын көргөзүп турат", - дейт ал.

Учурда "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын бардык бухгалтериясында автоматташтырылган программалык камсыздоо орнотулуп атканын айткан директор Ташуу борбору менен Бишкек почтамты борбордук филиал катары пилоттук долбоорго тандалганын белгиледи. Февраль айынын аягына карай системаны Бишкекте ишке ашыруу пландалууда. Ал эми 1-сентябрдан баштап республикадагы бардык филиалдарда ишке ашат.

"Түзүлгөн абал өзү эле айтып тургандай, почтаны олуттуу түрдө реформалаш керек, бирок ага каршы чыккандар да болбой койбойт. Иликтөө көргөзгөндөй Бишкек почтамтын штаты аябай эле көп, жетекчиликтин айлыгы абдан эле жогорулатылган. Биз штаттык расписаниени карап, айлыктын айырмасы өтө эле чоң болбошун тартипке салабыз", - дейт Мокенов.

Ошол эле учурда Бишкек почтамтын демилгечи тобу "Кыргыз почтасынын" жетекчисинин пикири менен макул эмес. Алардын пикиринде 135 жылдык тарыхы бар мекеменин укуктарын чектеп, аны тушап коюу туура эмес. Анан калса 14-майда Бишкек пачтамтынын түзүлгөнүнө 135 болот.

Демилгечи топтун президентке жазган кайрылуусунда: "Бишкек почтамтын талкалоого жол бербейбиз. Почтамты биз өз колубуз менен таш ташып, актап, сырдап курдук. Биз бул ишти Мокенов аттуу чиновниктин келип барын бузуп салышы үчүн жасаган эмеспиз. Коллектив түзүлгөн кырдаал адилеттүү чечим менен калыс чечилет деп ишенебиз", - деп жазылат.

"Вечерний Бишкек" интернет-редакциясы аталган кырдаалга көз салып, окуянын өнүгүшүн дагы да иликтейт.

Комментарии
Комментарии от анонимных пользователей появляются на сайте только после проверки модератором. Если вы хотите, чтобы ваш комментарий был опубликован сразу, то авторизуйтесь
Правила комментирования
На нашем сайте нельзя:
  • нецензурно выражаться
  • публиковать оскорбления в чей-либо адрес, в том числе комментаторов
  • угрожать явно или неявно любому лицу, в том числе "встретиться, чтобы поговорить"
  • публиковать компромат без готовности предоставить доказательства или свидетельские показания
  • публиковать комментарии, противоречащие законодательству КР
  • публиковать комментарии в транслите
  • выделять комментарии заглавным шрифтом
  • публиковать оскорбительные комментарии, связанные с национальной принадлежностью, вероисповеданием
  • писать под одной новостью комментарии под разными никами
  • запрещается использовать в качестве ников слова "ВБ", "Вечерний Бишкек", "Вечерка" и другие словосочетания, указывающие на то, что комментатор высказывается от имени интернет-редакции
  • размещать комментарии, не связанные по смыслу с темой материала
НАВЕРХ  
НАЗАД