Нарынбек Молдоисаев: Рысалиев үйрөтүлгөн сөздөрдү айтып атат

922  1
Расул Усеналиев

"Зарылбек Рысалиев талап-тоноочулук боюнча иш 85% далилденди деп айтып атат. Кылмыш жаза кодекси боюнча антип пайыздык көрсөткүч чыгаруу туура эмес. Андай болбойт",-деп укук коргоо органдарынын ардагерлеринин "Кылым Жолу" коомдук уюмунун мүчөсү Нарынбек Молдоисаев маалымат жыйында билдирди.

"Ал кайсыл булактарга таянып айтып атат? Рысалиев муну өзүнүн тили менен сүйлөгөн жок, ал үйрөткөндөрдүн сөзү менен сүйлөп атат. Балким ага жогорку кызмат сунушталып атышы мүмкүн", - дейт ал.

Ал ошондой эле 7-апрелдеги окуялар өз максатына жетпегенин айтты. Молдоисаев каргашалуу окуяда каза болуп, майып болгондорду ким атканын илитегендин ордуна, Бакиевдин мал-мүлкүн, байлыгын талагандарды иликтеп атышат, деп кошумчалады. "Эл үчүн иштеп аткандарга бут тосуп, туура эмес оюндарды уюштуруп атат. Октон каза болгон жана майып болгондорду кимдер атканы тактала элек, качып жүргөндөрдүн бирөө да кармала элек. Акыйкаттык кайда?",- деп суроо салды ал.

Андан сырткары ал 7-апрелге тийиштиги бар атка минерлер түрдүү көрсөтмө берип атканын белгиледи. "Мына Суталинов жакында эле көрсөтмө берип атат, мен качкан эмесмин, үйдө отурам деп атат. Эртең Данияр Үсөнов да келип ушинтип айтса, эмне дейбиз?", -дейт Молдоисаев.

Комментарии
калыс
12.02.2013, 13:30

Силер кимдин оозундагыны айтып жатасынар? Кебете-кешпирди тууралап алып чыкпайсынарбы, качан жана кантип полковник богонсунар?

ИИМ ардагерлери, абийринерди сактап алгылачы, же иштен жыргатпадынар, же пенсияда тынч отурбадынар. Кайран кана милийса, таш-талканын чыгарып салдынар го!

0
Цитировать
Жалоба модератору
Комментарии от анонимных пользователей появляются на сайте только после проверки модератором. Если вы хотите, чтобы ваш комментарий был опубликован сразу, то авторизуйтесь
Правила комментирования
На нашем сайте нельзя:
  • нецензурно выражаться
  • публиковать оскорбления в чей-либо адрес, в том числе комментаторов
  • угрожать явно или неявно любому лицу, в том числе "встретиться, чтобы поговорить"
  • публиковать компромат без готовности предоставить доказательства или свидетельские показания
  • публиковать комментарии, противоречащие законодательству КР
  • публиковать комментарии в транслите
  • выделять комментарии заглавным шрифтом
  • публиковать оскорбительные комментарии, связанные с национальной принадлежностью, вероисповеданием
  • писать под одной новостью комментарии под разными никами
  • запрещается использовать в качестве ников слова "ВБ", "Вечерний Бишкек", "Вечерка" и другие словосочетания, указывающие на то, что комментатор высказывается от имени интернет-редакции
  • размещать комментарии, не связанные по смыслу с темой материала
НАВЕРХ  
НАЗАД