2025-жылы Бишкек шаарынын аянты 16,5 миң гектардан 25,8 миңге дейре кеңейет

725  0
Расул Усеналиев

Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин бүгүнкү, 12-февралдагы, Бишкек башкы архитектура мекемесинде өткөн көчмө жыйынынын жүрүшүндө ордо калааны 2025-жылга чейин өнүктүрүүнүн башкы планы иштелип чыккандыгы белгилүү болду. Башкы планды иштеп чыгууда 1980-жылы СССР тушунда бекитилген башкы пландын алгылыктуу жактары негиз болгон. Эми Үй курууну пландаштыруу долбоорун (ҮПД) иштеп чыгуу милдети турат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басмасөз кызматы билдирди.

Бишкек башкы архитектуранын бөлүм башчысы Жыргалбек Асаналиев айтымында, 1999-жылы Бишкек шаарынын аймагын жана курулуштарын 2025-жылга чейин өнүктүрүүнүн башкы планын иштеп чыгуу чечими кабыл алынып, ал 2006-жылы иштелип чыкан. Башкы план үч этап менен ишке ашырылган. Аны биротоло бүттү деп эсептөөгө болбойт, азыр да улантылып жатат, мындан ары да айрым оңдоп-түзөөлөр киргизиле бермекчи.

Адистин айтымында, ушу тапта ордо калаанын аянты 16,5 миң га аянтты ээлейт. 2025-жылга чейин анын жалпы аянты 25,8 миң гектарга чейин кеңейип, шаар батышка жана чыгышка карай – Сокулук районундагы Ново-Павловкадан Аламүдүн районундагы Лебединовкага чейин өсөт. Алдынала иликтөөлөргө караганда, 2025-жылы шаар калкы 1 млн 200 миң адамды түзүүгө тийиш, ал эми күнүмдүк келип-кеткендерди эске алганда, 1 млн 500 миң адамдан ашат.

Талкуу жүрүшүндө депутаттар каражаттын тартыштыгына байланыштуу алты жылдан бери аягына чыгарылбай келген Бишкек шаарынын ҮПДсын иштеп чыгуу үчүн бюджеттен 20 млн сом бөлүү маселесине көмөктөшүүгө убада берди.

Комментарии
Комментарии от анонимных пользователей появляются на сайте только после проверки модератором. Если вы хотите, чтобы ваш комментарий был опубликован сразу, то авторизуйтесь
Правила комментирования
На нашем сайте нельзя:
  • нецензурно выражаться
  • публиковать оскорбления в чей-либо адрес, в том числе комментаторов
  • угрожать явно или неявно любому лицу, в том числе "встретиться, чтобы поговорить"
  • публиковать компромат без готовности предоставить доказательства или свидетельские показания
  • публиковать комментарии, противоречащие законодательству КР
  • публиковать комментарии в транслите
  • выделять комментарии заглавным шрифтом
  • публиковать оскорбительные комментарии, связанные с национальной принадлежностью, вероисповеданием
  • писать под одной новостью комментарии под разными никами
  • запрещается использовать в качестве ников слова "ВБ", "Вечерний Бишкек", "Вечерка" и другие словосочетания, указывающие на то, что комментатор высказывается от имени интернет-редакции
  • размещать комментарии, не связанные по смыслу с темой материала
НАВЕРХ  
НАЗАД