"Бакайдын жайытынын" тарыхы Бишкектеги көргөзмөдө чагылдырылат

793  0
Наргиза Апсаматова

Экспозиция Төлөмүш Океевдин атактуу кинотасмасын жаратуу этаптарын чагылдырат.

"Кара-ак кинонун боектору" аталыштагы экспозиция, кечээ, 12-февралда, Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде ачылды. Анда Төлөмүш Океевдин "Бакайдын жайыты" тасмасына экспликация жасалган.

Көргөзмөдө уникалдуу экспонаттар, анын ичинде Кыргыз эл артисти, сүрөтчү-коюучу Сагын Ишеновдун графикалык эскиздери сунушталган. Эскерте кетчү нерсе, Ишен Сагынов быйыл өзүнүн 80-жылдыгын белгилейт. Ошондой эле көргөзмөдө, Төлөмүш Океевдин кол жазмаларын, расмий каттарын, тасма тууралуу совет жана чет элдик басылмалардагы макалаларын көрүүгө болот. Кино тартылып жаткан учурдагы жасалган сүрөттөр да бар.

"Бул мазмуну жагынан уникалдуу көргөзмө. Кыргызстанда ушул өңдүү, жалаң бир тасмага арналган көргөзмөлөр уюштурула элек, - деп Төлөмүш Океев фондунун директору, жана иш-чаранын уюштуруучусу Азиза Океева баса белгиледи. – Музейдин жетекчилигине жана бизге колдоо көрсөткөндөрдүн баардыгына терең ыраазычылык билдирем. Көргөзмөгө тасма топтун учурда көзү тирүү мүчөлөрү катышкандыгы да абдан кубандырды".

Тасмада Калык деген баланын ролун мыкты жараткан актер Нассредин Дубашев кино жаатында карьерасын уланткан эмес. "Бакайдын жайыты" киносунун ийгилигинен соң мени дагы бир нече жолу тартылууга чакыруулар болгон, бирок тагдыр башкача болду, - дейт Дубашев. Ал учурда айыл жергесинде жашап, мал-жан менен алектенип келет.

Фильмдин редактору Бексултан Жакиев адабиятка ооп кеткен. Айтымында, жети жыл бою "Манас" эпосун мектеп окуучуларына ылайыктап жазып чыкты. "Тилекке каршы, эмгегимди басып чыгарууга мамлекетте каражат жок. Өсүп келаткан муун тарыхын билүүсү зарыл", - деген өкүнүчүн Жакиев билдирди.

Азиза Океева кыргыз-совет киносуна арналган экспозициялар жакшы салт болуп калышына тилектеш экендигин билдирди.

Көргөзмө 12 мартка чейин созулат.

Комментарии
Комментарии от анонимных пользователей появляются на сайте только после проверки модератором. Если вы хотите, чтобы ваш комментарий был опубликован сразу, то авторизуйтесь
Правила комментирования
На нашем сайте нельзя:
  • нецензурно выражаться
  • публиковать оскорбления в чей-либо адрес, в том числе комментаторов
  • угрожать явно или неявно любому лицу, в том числе "встретиться, чтобы поговорить"
  • публиковать компромат без готовности предоставить доказательства или свидетельские показания
  • публиковать комментарии, противоречащие законодательству КР
  • публиковать комментарии в транслите
  • выделять комментарии заглавным шрифтом
  • публиковать оскорбительные комментарии, связанные с национальной принадлежностью, вероисповеданием
  • писать под одной новостью комментарии под разными никами
  • запрещается использовать в качестве ников слова "ВБ", "Вечерний Бишкек", "Вечерка" и другие словосочетания, указывающие на то, что комментатор высказывается от имени интернет-редакции
  • размещать комментарии, не связанные по смыслу с темой материала
НАВЕРХ  
НАЗАД