Алмазбек Атамбаев: Германия менен кызматташууга үмүт зор

337  0
Расул Усеналиев

2013-жылдын 14-февралында президент Алмазбек Атамбаев Германия Федеративдүү Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Чыгыш Европа, Кавказ жана Борбор Азия боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Антье Леендертсе жетектеген кыргыз-герман кызматташтыгын өнүктүрүү маселелери боюнча германиялык эксперттик топту кабыл алды. Бул тууралуу КР президент аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Германиянын делегациясы Кыргызстанга Германиянын Федералдык канцлери Ангела Меркелдин тапшырмасы менен келген. Бул тууралуу макулдашууга Кыргызстандын президентинин 2012-жылдын декабрында Германияга жасаган расмий сапарынын жүрүшүндө жетишилген.

Жолугушууда Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы кызматташуу маселелери биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга басым жасоо менен талкууланды.

"Мен Германия менен кызматташууга зор үмүт артам. Өткөн жылдын декабрь айында Германияга жасаган расмий сапардын жүрүшүндө Германиянын Федералдык президенти Йоахим Гаук жана Федералдык канцлер Ангела Меркель менен толук түшүнүшкөнүбүзгө ыраазымын. Мындан ары биздин мамилебиз өзгөчө болууга тийиш", - деп баса белгиледи Алмазбек Атамбаев.

Эске сала кетсек, 2013-жылдын 13-14-февралында Бишкекте Кыргызстан менен Германиянын эксперттеринин сүйлөшүүлөрү өткөрүлүп, биргелешкен конкреттүү инвестициялык долбоорлор талкууланды. Эки өлкөнүн эксперттик топторунун сүйлөшүүлөрүндө кыргыз тарапты КР вице-премьер-министри Жоомарт Оторбаев жетектеди.

Комментарии
Комментарии от анонимных пользователей появляются на сайте только после проверки модератором. Если вы хотите, чтобы ваш комментарий был опубликован сразу, то авторизуйтесь
Правила комментирования
На нашем сайте нельзя:
  • нецензурно выражаться
  • публиковать оскорбления в чей-либо адрес, в том числе комментаторов
  • угрожать явно или неявно любому лицу, в том числе "встретиться, чтобы поговорить"
  • публиковать компромат без готовности предоставить доказательства или свидетельские показания
  • публиковать комментарии, противоречащие законодательству КР
  • публиковать комментарии в транслите
  • выделять комментарии заглавным шрифтом
  • публиковать оскорбительные комментарии, связанные с национальной принадлежностью, вероисповеданием
  • писать под одной новостью комментарии под разными никами
  • запрещается использовать в качестве ников слова "ВБ", "Вечерний Бишкек", "Вечерка" и другие словосочетания, указывающие на то, что комментатор высказывается от имени интернет-редакции
  • размещать комментарии, не связанные по смыслу с темой материала
НАВЕРХ  
НАЗАД