Кочкор районунда баасы 17 млн сомдук 100 орундуу мектеп колдонууга берилди

876  0
Расул Усеналиев

Нарын облусунун Кочкор районундагы Комсомол айылында 100 орунга ылайыкталган мектеп колдонууга берилди. Аталган мектеп башталгыч класстарга ылайыкташтырылып, 17 млн сомго энергоэффективдүү жаңы ыкма менен курулган. Жалпы сумманын 700 миң сому жергиликтүү калк тарабынан чогултулган. Курулуштун ишке ашуусуна АРИС уюму "Карызды Конверсиялоо II – Коомуналдык инфраструктура" долбоорунун алкагында курулган. Бул тууралуу 15-февралда аталган аймакка болгон пресс-тур учурунда маалым болду.

Аталган иш-чарага КР өкмөтүнүн Нарын облусу боюнча өкүлү Канатбек Муратбеков, коомдук ишмерлер Аликбек Жекшенкулов, Айгүл Рыскулова, КР социалдык фондунун төрагасы Мухаммедкалый Абулгазиев жана жергиликтүү атка минерлер катышты.

АРИС уюмунун аткаруучу директору Кубан Мамбеталиевдин айтымында, мектепти курууга негизги каражат КР өкмөтү тарабынан берилди. "Кыргызстандын финансы министрлиги жана Германиянын Немис өнүгүү банкынын ортосунда түзүлгөн келишимде Кыргызстандын Германия алдында болгон карызын кечүү каралган. Анын жол-жобосу боюнча Кыргызстан үч миллион долларга социалдык объектерди – бала бакча, мектеп, спорт залдарды курса, Германия Кыргызстандын 6 млн 700 миң доллар карызын жоет. Бул долбоордун дагы бир өзгөчөлүгү Кыргызстан өз каражатына курган объектерден улам тышкы карыздарынан кутулууда. Бул каражат албетте анчейин чоң эмес, бирок аз-аздан болсо да карыздар жоюлат. Буюрса бул долбоор дагы да уланат деген ойдобуз", -дейт ал.

Комментарии
Комментарии от анонимных пользователей появляются на сайте только после проверки модератором. Если вы хотите, чтобы ваш комментарий был опубликован сразу, то авторизуйтесь
Правила комментирования
На нашем сайте нельзя:
  • нецензурно выражаться
  • публиковать оскорбления в чей-либо адрес, в том числе комментаторов
  • угрожать явно или неявно любому лицу, в том числе "встретиться, чтобы поговорить"
  • публиковать компромат без готовности предоставить доказательства или свидетельские показания
  • публиковать комментарии, противоречащие законодательству КР
  • публиковать комментарии в транслите
  • выделять комментарии заглавным шрифтом
  • публиковать оскорбительные комментарии, связанные с национальной принадлежностью, вероисповеданием
  • писать под одной новостью комментарии под разными никами
  • запрещается использовать в качестве ников слова "ВБ", "Вечерний Бишкек", "Вечерка" и другие словосочетания, указывающие на то, что комментатор высказывается от имени интернет-редакции
  • размещать комментарии, не связанные по смыслу с темой материала
НАВЕРХ  
НАЗАД