Ысык-Көл облусунда алты ай ичинде 100 орундуу бала-бакча курулду

869  0
Расул Усеналиев

Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районуна караштуу Кара-Ой айылында 100 орундуу бала бакча алты ай ичинде курулуп, колдонууга берилди. Бул тууралуу аталган айыл өкмөтүнүн жетекчиси Данир Иманалиев 15-февралда "ВБ"га билдирди.

Айыл башчысынын айтымында бала-бакча АРИСтин "Карызды конверциялоо II – коммуналдык инфрастуктура" долбоорунун алкагында курулган. "Балдар-бакчасынын имараты 2012-жылдын июнь айында башталып, 31-декабрда курулушу аяктаган. Бала бакча 100 орунга ылайыкталса да, 120-150гө чейин баланы кабыл ала алат. Учурда айыл аймагында 380 өспүрүм бала бакчага барышы керек. Биз бул көйгөйдү чечүү үчүн алгачкы кадамдарды жасадык, эми бардык муктаждыкты канааттандыруу үчүн да иштерди жасайбыз", -дейт ал.

Ал ошондой эле бүгүнкү күнү 22 тарбиячы бала бакчада иштеп атканын белгиледи.

Данир Иманалиев бала бакчаны курууга дээрлик 23 млн сом корогонун кошумчалады. "Имараттын жалпы сметасы 22 млн 877 миң 226 сом деп бааланган. Анын 3,75 пайызын, тактап айтканда 857 миң 896 сомун айыл тургундары чыгарды. Учурда бала-бакчага керектүү бардык буюм-тайымдар менен эмеректер алынды", -дейт ал.

Комментарии
Комментарии от анонимных пользователей появляются на сайте только после проверки модератором. Если вы хотите, чтобы ваш комментарий был опубликован сразу, то авторизуйтесь
Правила комментирования
На нашем сайте нельзя:
  • нецензурно выражаться
  • публиковать оскорбления в чей-либо адрес, в том числе комментаторов
  • угрожать явно или неявно любому лицу, в том числе "встретиться, чтобы поговорить"
  • публиковать компромат без готовности предоставить доказательства или свидетельские показания
  • публиковать комментарии, противоречащие законодательству КР
  • публиковать комментарии в транслите
  • выделять комментарии заглавным шрифтом
  • публиковать оскорбительные комментарии, связанные с национальной принадлежностью, вероисповеданием
  • писать под одной новостью комментарии под разными никами
  • запрещается использовать в качестве ников слова "ВБ", "Вечерний Бишкек", "Вечерка" и другие словосочетания, указывающие на то, что комментатор высказывается от имени интернет-редакции
  • размещать комментарии, не связанные по смыслу с темой материала
НАВЕРХ  
НАЗАД