Муратбек Акматов: Циркте 187 адам иштесе, анын 53ү гана артисттер

273  0
Расул Усеналиев

"Цирктин өнүгүү планы жок. Учурда 187 киши циркте иштейт деп расмий түрдө каттоого алынганы менен анын 53ү гана артисттер", - деп цирктин артисти Муратбек Акматов маалымат жыйында билдирди.

Ал ошондой эле азыр цирк коррупциянын очогу болуп калганын белгиледи. "Цирктин ичиндеги кээ бир бөлмөлөр ижарага берилип кеткен. Ал жакта кафеден баштап башка нерселерди да тапса болот. Артистер машыга турган спорт зал да бар эле, аны да ижарага берип коюшту", - дейт ал.

Коомдук ишмер Жолдошбек Токоев цирк имаратында секта бар деген да маалыматтар бар экенин белгиледи.

Ал эми "Кыргыз жигиттери" труппасын негиздеген Манатбек Эшимбеков цирктин директору ордун мени тартып алат деп кооптонуп атат деп билдирди. "Цирктин директору анын ордун мени тартып алат деп кооптонуп атат. Ошондуктан мага карата жана мени менен жакшы мамиледе болгон кишилерди куугунтуктап атат. Мындан бир жыл мурда мен чет жакка кетип жатып, "цирктин жетекчилиги кетиши керек", деп билдирген элем. Ошондон улам Исанаев мага кек сактап калса керек", - дейт ал.

Маалымат жыйындын катышуучулары цирк жетекчилигинин өкмөттө колдогон кишилери болгондуктан, алар каалаганын жасап атат, биздин кайрылуулар баары бир жетпей атат, деп билдиришти.

Комментарии
Комментарии от анонимных пользователей появляются на сайте только после проверки модератором. Если вы хотите, чтобы ваш комментарий был опубликован сразу, то авторизуйтесь
Правила комментирования
На нашем сайте нельзя:
  • нецензурно выражаться
  • публиковать оскорбления в чей-либо адрес, в том числе комментаторов
  • угрожать явно или неявно любому лицу, в том числе "встретиться, чтобы поговорить"
  • публиковать компромат без готовности предоставить доказательства или свидетельские показания
  • публиковать комментарии, противоречащие законодательству КР
  • публиковать комментарии в транслите
  • выделять комментарии заглавным шрифтом
  • публиковать оскорбительные комментарии, связанные с национальной принадлежностью, вероисповеданием
  • писать под одной новостью комментарии под разными никами
  • запрещается использовать в качестве ников слова "ВБ", "Вечерний Бишкек", "Вечерка" и другие словосочетания, указывающие на то, что комментатор высказывается от имени интернет-редакции
  • размещать комментарии, не связанные по смыслу с темой материала
НАВЕРХ  
НАЗАД