Жогорку Кеңештин чарбалык-иштер бөлүмүнүн башчысы каражатты коромжу кылууда

231  0
Расул Усеналиев

Жогорку Кеңештин жумушчуларынын профсоюзунун мүчөлөрү Жогорку Кеңештин иш башкармалыгынын жетекчиси Алмазбек Кожомкуловго каршы болуп, анын дарегине сын айтышты.

"Көпчүлүгү депутаттарды каражатты коромжу кылууда деп айыпташат, бирок көпчүлүгү каражат төрага аркылуу эмес, чарбалык иштер бөлүмү аркылуу өтөрүн билишпейт. Ал Жогорку Кеңештин бардык ишине аралаша баштады. Ал бардык кабинеттерди, пансионаттарды, авторанспортту жана акчаларды бөлүштүрүүгө аралашып кеткен. Анын жардамчысынан бери кызматтык машина колдонот жана үч чоң бөлмөнү ээлеп жатышат. Ал эч кимге баш ийбейт", - деди Жогорку Кеңештин кызматкерлеринин профсоюзунун төрагасы Нурлан Асанов бүгүн маалымат жыйында билдирди.

Асановдун айтымында, жай отуруп сүйлөшүүгө чакырган учурда Жогорку Кеңештин иш башкармалыгынын жетекчиси анын орун басары Нурдин Дүйшөнбековду жакалаганга чейин барып, жумуштан кетирем деп да коркуткан.

"Жарандарды кабыл алууга бөлмөлөр жетишей атса, парламентте дарыкана, дүкөндөр жана төрт кафе жана бир авиакомпаниянын офиси бар. Эки жыл ичинде Жогорку Кеңеште үч жолу реорганизация болду. Азыр Алмазбек Кожомкулов төртүнчү реорганизация жүргүзүүнү демилгелеп атат. Ал анын акчасы болбогондуктан каражатты оңду-солду чачып атат. Жылына бюджеттен каралган 700 млн сом анын карамагында турат. Жогорку Кеңештин бюджети тууралуу суроону депутаттардан эмес, Алмазбек Кожомкуловдон суроо керек", - деди Нурлан Асанов.

Профсоюздун кызматкерлери Алмазбек Кожомкуловду кызматтан алып, "Жогорку Кеңештин иш башкармалыны" кызматын "Чарбалык иштер бөлүмүн башчысына" өзгөртүүнү сунушташууда.

Комментарии
Комментарии от анонимных пользователей появляются на сайте только после проверки модератором. Если вы хотите, чтобы ваш комментарий был опубликован сразу, то авторизуйтесь
Правила комментирования
На нашем сайте нельзя:
  • нецензурно выражаться
  • публиковать оскорбления в чей-либо адрес, в том числе комментаторов
  • угрожать явно или неявно любому лицу, в том числе "встретиться, чтобы поговорить"
  • публиковать компромат без готовности предоставить доказательства или свидетельские показания
  • публиковать комментарии, противоречащие законодательству КР
  • публиковать комментарии в транслите
  • выделять комментарии заглавным шрифтом
  • публиковать оскорбительные комментарии, связанные с национальной принадлежностью, вероисповеданием
  • писать под одной новостью комментарии под разными никами
  • запрещается использовать в качестве ников слова "ВБ", "Вечерний Бишкек", "Вечерка" и другие словосочетания, указывающие на то, что комментатор высказывается от имени интернет-редакции
  • размещать комментарии, не связанные по смыслу с темой материала
НАВЕРХ  
НАЗАД