Конокалы Эсеналиев: Манат Эшимбеков цирктин жетекчиси болууну каалап атат

223  0
Расул Усеналиев

Цирктин артисттери болгон Эшимбеков менен Акматов цирктин жамаатын негизсиз айыптат жатат. Алардын циркти жамандап келгендиги көнүмүш адат болуп калган. Кээ бир кишилер ар кандай кептерди тараткандыктан мамлекеттик бардык текшерүүчү орган үч жылдан бери эле текшерип келе жатат. Акыры ушундай аракеттер улана бергендиктен КР өкмөтү ведомстволор аралык комиссия түзүп, текшерүү токтотулсун деген токтом чыгарган. Бул тууралуу мамлекеттик цирктин башкы директор орун басары Конокалы Эсеналиев бүгүн, 19-февралда, маалымат жыйында билдирди.

Ал ошондой эле Манат Эшимбеков мамлекеттик цирктен ала турчусун алып бүткөнүн айтты. "Ал жамааттын көмөгү менен "эл артисти" деген наамды да алды", -дейт ал.

Эсеналиев ошондой эле Эшимбековдун циркти башкаруу дымагы бар экенин айтты. "Мен циркти башкарып калышым керек деп ар кандай аракеттерди көрүп атат. Алар өз ара цирктин жетекчилик кызматтарын бөлүштүрүп алышкан. Андан эч кандай жыйынтык чынпагандыктан ар кандай аракеттерди жасап, каралоо, жамандоону жасап атат", – дейт ал.

Директор орун басар учурда Манат Эшимбеков мыйзамдуу түрдө жумуштан алынганын кошумчалады.

Комментарии
Комментарии от анонимных пользователей появляются на сайте только после проверки модератором. Если вы хотите, чтобы ваш комментарий был опубликован сразу, то авторизуйтесь
Правила комментирования
На нашем сайте нельзя:
  • нецензурно выражаться
  • публиковать оскорбления в чей-либо адрес, в том числе комментаторов
  • угрожать явно или неявно любому лицу, в том числе "встретиться, чтобы поговорить"
  • публиковать компромат без готовности предоставить доказательства или свидетельские показания
  • публиковать комментарии, противоречащие законодательству КР
  • публиковать комментарии в транслите
  • выделять комментарии заглавным шрифтом
  • публиковать оскорбительные комментарии, связанные с национальной принадлежностью, вероисповеданием
  • писать под одной новостью комментарии под разными никами
  • запрещается использовать в качестве ников слова "ВБ", "Вечерний Бишкек", "Вечерка" и другие словосочетания, указывающие на то, что комментатор высказывается от имени интернет-редакции
  • размещать комментарии, не связанные по смыслу с темой материала
НАВЕРХ  
НАЗАД