Юрист: Манат Эшимбеков мыйзамдын чегинде гана жумуштан алынды

284  0
Расул Усеналиев

"Цирктин мурдагы артисти Манат Эшимбеков "мени жана труппамдагы балдарды гостролдо жүргөндө жумуштан мыйзамсыз кетирди" деп маалымат таратууда. Мен юрист катары айтып коюшум керек, анын жумуштан кетишинде мыйзам бузуу жок. Мен документтерди тактап, карап чыктым", - деп мамлекеттик цирктин юристи Марат Асыранкулов бүгүн, 19-февралда, маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, Эшимбековдун труппасы цирктин жоболорун аткарган эмес. "Алар гастролго кетип атканда цирк жетекчисинин буйругу керек эле, бирок андай буйрук болгон эмес. Эмгек келишиминин талаптарын аткарган эмес. Ал он чакты баланы алып, өз алдынча эле кетип калган. Анысы да туура эмес. Бул жер мамлекеттик мекеме, жеке "лавочка" эмес да. Анан ал 8 баланы да мыйзамсыз кетирди деген билдирүүсү чындыкка жатпайт. Мыйзамсыз кетти деп аткан 8 бала өз каалоосу менен кетишкен",- деп кошумчалады ал.

Ал ошондой эле труппасындагы балдарды ушул жылдын январь айында "талаага таштап" кеткенин айтты. "Ал январь айында Штутгард шаарында акыркы концерттик номерин бергенден кийин труппадагы балдарды "эми бошсуңар, труппа тарады" деп туруп, аларды талаага таштап салган. Бул биринчи кезекте адамкерчиликке да жатпайт. Ал тууралуу балдар өздөрү айтып атышат",- деди ал.

Комментарии
Комментарии от анонимных пользователей появляются на сайте только после проверки модератором. Если вы хотите, чтобы ваш комментарий был опубликован сразу, то авторизуйтесь
Правила комментирования
На нашем сайте нельзя:
  • нецензурно выражаться
  • публиковать оскорбления в чей-либо адрес, в том числе комментаторов
  • угрожать явно или неявно любому лицу, в том числе "встретиться, чтобы поговорить"
  • публиковать компромат без готовности предоставить доказательства или свидетельские показания
  • публиковать комментарии, противоречащие законодательству КР
  • публиковать комментарии в транслите
  • выделять комментарии заглавным шрифтом
  • публиковать оскорбительные комментарии, связанные с национальной принадлежностью, вероисповеданием
  • писать под одной новостью комментарии под разными никами
  • запрещается использовать в качестве ников слова "ВБ", "Вечерний Бишкек", "Вечерка" и другие словосочетания, указывающие на то, что комментатор высказывается от имени интернет-редакции
  • размещать комментарии, не связанные по смыслу с темой материала
НАВЕРХ  
НАЗАД