Учурунда Мамлекеттик циркте 29 баш жаныбар болсо, азыр болгону төрт гана ат бар

566  0
Расул Усеналиев

"Учурда кыргыз циркинде болгону төрт гана ат бар",- деп мамлекеттик цирктин директор орун басары Конокалы Эсеналиев бүгүн, 19-февралда, "ВБ"га билдирди.

Ал бир эле аюуну бир ай багыш үчүн бир бала бакчага корогон каражат кетерин айтат. "Азыр бизде бир нече жаныбарды кармоого мүмкүнчүлүк жок. Анткени анын жеген тамагы, аларды баккан кишилерге да төлөш керек. Биз колдон келген аракеттерди жасап атабыз. Көрүүчүлөрдүн цирктин мышыгын көрөбү же башка жактан алынып келген мышык болобу, аларга баары бир. Эң башкысы аларды эл көрүшү керек. Мына деңиз жаныбарлары деген шоу менен чет жактан келген труппа бүгүн кетти. Эртең пилдерди үйрөткөн труппа келет. Алар да келгенде шарт түзүп, кабыл алып, көрүүчүлөргө көргөзүү азыр абдан маанилүү болууда. Көп сандагы жаныбарларды кармоого азыр бизде шарт да, мүмкүнчүлүк да жок", - дейт ал.

Эсеналиев азыр мамлекект жаныбарларды кармаш үчүн бир тыйын бөлбөй турганын айтып, төрт атты багуу цирктин мойнунда экенин кошумчалады.

Ал эми мамлекеттик цирк кызматкерлеринин профсоюзунун төрагасы Бегалы Мурзалиев союз кезинде циркте топоз, тоо теке, аюу, сүлөөсүн өңдүү жаныбарлар болгонун айтат. "Союз кезинде экзотикалык фауна деп кыргыз циркинде 29 баш мал болгон. Топоз, тоо теке, аюу, сүлөөсүнгө чейин бар болчу. Азыр 4 атты эптеп-септеп багып атабыз. Жаныбарларды багуу өтө чыгымдуу. Ар бир ат бир күндө 5 кг чөп жей турган болсо, бир күндө эле 20 кг чөп кетет. Эми аларды жалаң гана чөп менен бакпайсыңда. Аларга жем, витаминдерди да бериш керек", -дейт ал.

Комментарии
Комментарии от анонимных пользователей появляются на сайте только после проверки модератором. Если вы хотите, чтобы ваш комментарий был опубликован сразу, то авторизуйтесь
Правила комментирования
На нашем сайте нельзя:
  • нецензурно выражаться
  • публиковать оскорбления в чей-либо адрес, в том числе комментаторов
  • угрожать явно или неявно любому лицу, в том числе "встретиться, чтобы поговорить"
  • публиковать компромат без готовности предоставить доказательства или свидетельские показания
  • публиковать комментарии, противоречащие законодательству КР
  • публиковать комментарии в транслите
  • выделять комментарии заглавным шрифтом
  • публиковать оскорбительные комментарии, связанные с национальной принадлежностью, вероисповеданием
  • писать под одной новостью комментарии под разными никами
  • запрещается использовать в качестве ников слова "ВБ", "Вечерний Бишкек", "Вечерка" и другие словосочетания, указывающие на то, что комментатор высказывается от имени интернет-редакции
  • размещать комментарии, не связанные по смыслу с темой материала
НАВЕРХ  
НАЗАД