Темир Сариев: "Кумтөр" кенин иштетүү 2042-жылга чейин мыйзамсыз узартылган

298  0
Расул Усеналиев

Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 20-февралдагы, пленардык жыйынында "Кумтөр" алтын кенин иштеткен "Кумтөр оперейтинг компани" жабык акционердик коомунун ишин иликтеген мамлекеттик комиссиянын төрагасы, экономика министри Темир Сариевдин иликтөө жыйынтыгы боюнча баяндамасы угулду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басмасөз кызматы билдирди.

Темир Сариевдин маалыматына караганда, 1992-жылдан 2009-жылга чейин жалпысынан 3 келишим түзүлгөн. Келишимдердин баары мамлекеттин кызыкчылыгына каршы, жеке кызыкчылыктарга басым жасалган. "Кумтөр" алтын кенинде 716 тонна такталган, жалпысынан 953 тонна алтын бар.

Кенди иштетүү милдети тендер менен конкурсу жок алтын иштетүү тажрыйбасы жок, уран иштетип келген "Камеко" компаниясына берилген. Анын негизинде экспертиза, долбоору жок алтын иштетүү фабрикасы салынган. Фабрика салынып бүткөнгө чейин ишкана баардык салыктардан бошотулган жана ишке киргенден кийин дагы 5 жыл салык төлөбөстүгү белгиленген.

Экинчи келишим 2003-2004-жылы түзүлүп, алтын кендеги биздин акциябыз 33 пайызы, "Камеконун" акциясы 52 пайызды түзүп калган. Ал эми бул жылы башкаруу кыргыз тарапка өтөт деген келишим башкарууга кесипкөй адистер даяр эмес деген негизде жокко чыгарылган. 1997-2011-жылга чейин жалпы өндүрүлгөн 260 тонна алтындан Кыргызстан 4 миллиарддан ашуун чыгымга учураган.

2009-жылы үчүнчү келишим түзүлгөн. Анда "алтын кенине бардык мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктары чектелет" деп жазылып калган. Ал парламентте мыйзам бузуу менен ратификацияланып, Конституциялык сот тарабынан бекемделип берилген. Алтын кенин иштетүү 2042-жылга чейин узартылган.

Баяндамачы мамлекеттик комиссия мүчөлөрү "Centerra Gold" компаниясы кенди иштетүүнү улантса, улуттук мыйзамдардын негизинде гана иш алпарсын деген чечимге келгендигин, башкаруу бир компанияга өтүүсү, анын башына кыргыз жараны келүүсү, Директорлор кеңешинде кыргыз тараптан 4 жаран болуусу сындуу бир катар талаптар коюлуп жаткандыгын белгиледи.

Ага болбосо 3 айлык мөөнөт берип, андан кийин келишимди бир тараптуу бузууга (денонсациялоого) барса болорун кошумчалады. Мамлекеттик комиссия өз сунуштамалары менен жогоруда белгиленген 3 келишимге кол койгон кыргыз бийлигинде иштеп келген аткаминерлерди жоопкерчиликке тартуу маселесин койгон.

Комментарии
Комментарии от анонимных пользователей появляются на сайте только после проверки модератором. Если вы хотите, чтобы ваш комментарий был опубликован сразу, то авторизуйтесь
Правила комментирования
На нашем сайте нельзя:
  • нецензурно выражаться
  • публиковать оскорбления в чей-либо адрес, в том числе комментаторов
  • угрожать явно или неявно любому лицу, в том числе "встретиться, чтобы поговорить"
  • публиковать компромат без готовности предоставить доказательства или свидетельские показания
  • публиковать комментарии, противоречащие законодательству КР
  • публиковать комментарии в транслите
  • выделять комментарии заглавным шрифтом
  • публиковать оскорбительные комментарии, связанные с национальной принадлежностью, вероисповеданием
  • писать под одной новостью комментарии под разными никами
  • запрещается использовать в качестве ников слова "ВБ", "Вечерний Бишкек", "Вечерка" и другие словосочетания, указывающие на то, что комментатор высказывается от имени интернет-редакции
  • размещать комментарии, не связанные по смыслу с темой материала
НАВЕРХ  
НАЗАД