Майчиев: ЖМКга чыккан материалдар боюнча 30-40тай даттануу келип түштү

250  1
Расул Усеналиев

"Учурда ЖМКга чыккан материалдар боюнча жеке, мамлекеттик жана юридикалык жактардан 30-40тай даттануу келип түштү. Алар көбүнчө ар-намысына шек келгенин айтып кайрылышат. Көбүнчө ЖМКга чыккан материалдар ушак жана бир тараптуу болуп калууда. Биз ошондойго жол бербөө боюнча аракеттерди көрүп атабыз",- деп ЖМКнын үстүнөн түшкөн даттанууларды кароо комиссиясынын төрагасы Шамарал Майчиев бүгүн, 21-февралда, маалымат жыйында билдирди.

Ал даттанган тараптар соттошууга чейин барбоону каалай турганын белгиледи. "Ар намысыма шек келди деген тарап, болгону Жалпыгоо маалымдоо каражаттары өз катасын моюндап, тактоо берүүсүн гана каалашат. Биз тараптарды жараштырууда эки тарапты тең чакырабыз. Биздин ишибиз көбүнчө кеңеш берүү болуп саналат", - деди ал.

Майчиев ошондой эле даттануулар көбүнчө гезит-журналдарга чыккан материалдар боюнча болорун кошумчалады. "Радио менен ТВга чыккан материалдар убактылуу гана болуп, унутулуп калат. Ал эми гезит-журнал жана интернетке чыккан материалдарды дайыма окушат. Ал окуган кишинин улам-улам жинин келитирип, "ушул журналисттердики жетти" деп туруп, анан бизге кайрылууга түртөт",- деди ал.

Комментарии
Айнур
24.02.2013, 23:18

Журналисттердин эки башы жок, жок жерден жаза бергенге. Мисал келтирип жазгыла, курулай доомат кылбай.

0
Цитировать
Жалоба модератору
Комментарии от анонимных пользователей появляются на сайте только после проверки модератором. Если вы хотите, чтобы ваш комментарий был опубликован сразу, то авторизуйтесь
Правила комментирования
На нашем сайте нельзя:
  • нецензурно выражаться
  • публиковать оскорбления в чей-либо адрес, в том числе комментаторов
  • угрожать явно или неявно любому лицу, в том числе "встретиться, чтобы поговорить"
  • публиковать компромат без готовности предоставить доказательства или свидетельские показания
  • публиковать комментарии, противоречащие законодательству КР
  • публиковать комментарии в транслите
  • выделять комментарии заглавным шрифтом
  • публиковать оскорбительные комментарии, связанные с национальной принадлежностью, вероисповеданием
  • писать под одной новостью комментарии под разными никами
  • запрещается использовать в качестве ников слова "ВБ", "Вечерний Бишкек", "Вечерка" и другие словосочетания, указывающие на то, что комментатор высказывается от имени интернет-редакции
  • размещать комментарии, не связанные по смыслу с темой материала
НАВЕРХ  
НАЗАД