Ишен Кожалиев: Зилзаладан Түп районунда эки мектепке зыян келди

745  0
Расул Усеналиев

"28-январда болгон жер титирөөдөн биздин Түп району көп жабыр тартты. Анткени жер титирөөнүн очогу бизге чукул болду. Жер тирөөнүн эртеси комиссия түзүлүп, социалдык обектилер каралды. Эки айылда: Сары-Булак, Тогуз-Булак айылдарындагы мектеп жараксыз абалга келди. Андан сырткары райондук санитардык эпидемилогиялык борборунун имаратына да зыян келди",- деп Ысык-Көл облусунун Түп районунун акими Ишен Кожалиев бүгүн, 22-февралда Бишкекте өткөн маалымат жыйында билдирди.

Ал ошондой эле жер титирөөдөн жабыр тарткандар арыз менен кайрылып атканын кошумчалады. "Биринчи этап боюнча 196 арыз түшкөн. Аны тиешелүү комиссия карап 43 үйдү жараксыз, авариялык абалда деп тапкан. 55 үй капиталдык оңдоого муктаж делинсе, 98 үй көзөмөлгө алынган. Ал эми экинчи этап боюнча 96 арыз келип түштү. Анда 19 үй жараксыз, 33 капиталдык оңдоого муктаж деп жыйынтык чыгарылган. 44 үй болсо көзөмөлгө алынган", -деди ал.

Ал андан сырткары жалпы жонунун 400дөй арыз келип түшкөнүн, бирок алардын баардыгы адистердин жетишсиздигинен улам толук каралып бүтө электигин кошумчалады.

Түп районунун акими учурда авариялык үйлөрдүн ээлери туугандарыныкына көчүрүлгөнүн баса белгиледе. "Мал-жаны болгондуктан алар үйлөрүн толук түрдө таштап кете алышпай атат. Күндүз келип малын карайт, бирок кечинде үйүнө түнөткөн жокпуз. Айыл өкмөттөрүнө ушундай көргөзмө бердик", - дейт Кожалиев.

Комментарии
Комментарии от анонимных пользователей появляются на сайте только после проверки модератором. Если вы хотите, чтобы ваш комментарий был опубликован сразу, то авторизуйтесь
Правила комментирования
На нашем сайте нельзя:
  • нецензурно выражаться
  • публиковать оскорбления в чей-либо адрес, в том числе комментаторов
  • угрожать явно или неявно любому лицу, в том числе "встретиться, чтобы поговорить"
  • публиковать компромат без готовности предоставить доказательства или свидетельские показания
  • публиковать комментарии, противоречащие законодательству КР
  • публиковать комментарии в транслите
  • выделять комментарии заглавным шрифтом
  • публиковать оскорбительные комментарии, связанные с национальной принадлежностью, вероисповеданием
  • писать под одной новостью комментарии под разными никами
  • запрещается использовать в качестве ников слова "ВБ", "Вечерний Бишкек", "Вечерка" и другие словосочетания, указывающие на то, что комментатор высказывается от имени интернет-редакции
  • размещать комментарии, не связанные по смыслу с темой материала
НАВЕРХ  
НАЗАД