Наристени өлүмдөн куткарган жаран сыйланды

291  0
Расул Усеналиев

Бишкек шаарынын тургуну, "Жакындык" жоопкерчилиги чектелген коомунун жыгач устасы Жумабек Жороев 2013-жылдын 26-январы күнү өз өмүрүн тобокелге салып, 2 жаштагы Абдулло Исмаиловдун өмүрүн сактап калган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басмасөз кызматы билдирди.

Бишкек шаарынын тургуну Мехрибан Сайфудинова кат аркылуу министрликке кайрылган. Билдирүүдө 2013-жылдын 26-январь күнү Сайфудинова таштанды төгүү үчүн эки жашар Абдуллону ээрчитип көчөгө чыгып, наристени жол боюна калтырып коюп, таштандыны төгүп келгенче, кичинекей Абдулло Чоң-Чүй-Каналына түшүп кеткен. Аны 4-кабатта жашаган бейтааныш аял балкондон көрүп, кыйкырып жатканын жолдон өтүп бараткан Жумабек Жороев угуп калып, дароо өзүн сууга таштап, Абдуллону суудан алып чыгат. Окуя болгон жерге медицина кызматкерлери чакырылып, Абдулло оор абалда тез жардам кызматкерлеринин жардамы менен ооруканага жеткирилип, реанимация бөлүмүндө бир аптадан ашык дарыланган.

Азыркы учурда Абдуллонун абалы канаатандыраарлык.

КР Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов Мехрибан Сайфудинованын министрликке жазган билдирүүсүн карап чыгып, Абдуллону куткарып калган Жумабек Жороевди КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин "Сууга чөккөндөрдү куткаргандыгы үчүн" төш белгиси менен сыйлады.

Комментарии
Комментарии от анонимных пользователей появляются на сайте только после проверки модератором. Если вы хотите, чтобы ваш комментарий был опубликован сразу, то авторизуйтесь
Правила комментирования
На нашем сайте нельзя:
  • нецензурно выражаться
  • публиковать оскорбления в чей-либо адрес, в том числе комментаторов
  • угрожать явно или неявно любому лицу, в том числе "встретиться, чтобы поговорить"
  • публиковать компромат без готовности предоставить доказательства или свидетельские показания
  • публиковать комментарии, противоречащие законодательству КР
  • публиковать комментарии в транслите
  • выделять комментарии заглавным шрифтом
  • публиковать оскорбительные комментарии, связанные с национальной принадлежностью, вероисповеданием
  • писать под одной новостью комментарии под разными никами
  • запрещается использовать в качестве ников слова "ВБ", "Вечерний Бишкек", "Вечерка" и другие словосочетания, указывающие на то, что комментатор высказывается от имени интернет-редакции
  • размещать комментарии, не связанные по смыслу с темой материала
НАВЕРХ  
НАЗАД