ИИБ: атажурчуларды колдоо митинги мыйзам чегинде өтүп жатат

Атажуртчулурды колдоо митинги мыйзам чегинде өтүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 6-мартта, "ВБ"га Жалал-Абад облусунун коомдук коопсуздук бөлүмүнүн жетекчиси Ибрагим Шатманалиев билдирди.

Анын айтымында, Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовду колдоо митингдери тынч өтүп, эки күндө эч кандай мыйзам бузуулар катталган жок.

"Тартиптин сакталышын жетиштүү сандагы милиция кызматкерлери көзөмөлдөп турат. Чектен чыгууларды дароо токтотууга даяр", - деди Шатманалиев.

Эске салсак, Жалал-Абад шаарында "Ата Журт" партиясынын депутаттарын колдоп, 800 гө чукул адам митингге чыгышкан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД