"Бишкек парк" жолуна асфальт төшөө иштери аба ырайы жылыганда башталат

Киев көчөсүндөгү "Бишкек парктын" жанында жолдун үстүңкү катмары оюлуп калганын окурмандар билдиришкен.
  03.04.13   10:04
 416

"Бишкек парк" жолуна асфальт төшөө иштери аба ырайы жылыганда башталат, деп кечээ, 2-апрелде, "ВБ"га мэриянын капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысынын орун басары Канчоро Ажекбаров билдирди.

Эскерте кетсек, "ВБ"нын "Элдик кабарлар" рубрикасынын окурмандары, Киев көчөсүндөгү "Бишкек парктын" жанында жолдун үстүңкү катмары оюлуп калганын билдиришкен. Маалыматка караганда, мэрия жолго асфальт төшөбөй, брусчатка коюп койгон. "Ал жердеги иш кыш мезгилинде башталган. Азырынча мен ал жолго асфальт төшөй албайм. Убактылуу брусчатка койгонбуз. Аба ырайы жакшы болсо асфальт төшөйбүз", - деди Ажекбаров.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222595

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.