Жогорку соттун референти пара менен кармалды

Башкы прокуратурага Жогорку соттун кызматкеринин үстүнөн арыз түшкөн.
  03.04.13   10:10
 350

Ал кызматкер аялдын Мордовияда жазасын өтөп аткан баласынын пайдасына бир маселени чечип берүү үчүн 200 доллар пара талап кылган. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басмасөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ИИМдин мыйзамсыз кирешелерди мыйзамдаштыруу башкармалыгынын кызматкерлери 9 600 сом пара алып аткан жеринен Жогорку соттун референтин кармашты.

Кечээ, 2-апрелде, Кылмыш кодексинин "Пара алуу" беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222596

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.