Ошто "Уш садоси" гезитинин башкы редактору кармалды

Ошто милиция тарабынан "Уш садоси" өзбек тилдүү мамлекеттик гезитинин башкы редактору Махамадсоли Исмаилов кармалды.
  03.04.13   10:12
 366

Маалыматты КР ИИМдин басма сөз кызматы тастыктады деп, "Азаттык" радиосу билдирди.

Маалыматка караганда, Исмаилов 2010-жылдын июнь окуялары маалында дайынсыз жоголгон жаранды өлтүргөнгө катыштыгы бар делип шектелүүдө. Журналистке карата "адам өлтүрүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Исмаилов менен биргеликте, Кара-Суу районуна караштуу Шарк айылындагы Имам-Ата көчөсүндө жашашкан бир канча адам кармалган. Бул маалыматты ИИМ азырынча тастыктай элек. Шарк айылынын тургундары кечээ, 2-апрелде, айылдаштарынын мыйзымсыз кармалгандыктарын айтып, нааразычылык акциясына чыгышкан.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222597

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.