Тратуардагы ылайдан улам жөө басууга мүмкүн эмес

  03.04.13   10:19
 373

Элдик кабарды жиберген Үсөн

Горький көчөсүндө жайгашкан "Таш-Рабат" соода борборунун маңдайындагы аялдаманын жанындагы тратуардан жөө басып өтүүгө мүмкүн эмес. Кар жана жаан жааган сайын тратуар ылай-баткак болуп, жөө адам басууга такыр эле мүмкүн болбой калат. Жаз келип жаан жааган сайын тратуар баткакка толуп чыгат. Себеби, ал жерге брусчатка төшөлгөн эмес. Совет доорунда куюлган асфальттын такыр эле тамтыгы чыккан. Анан калса, аялдаманын жанындагы таштанды үчүн коюлган урналардан сарыккан суу ушул тратуарга чыгып калат. Бул жер качан оңдолот? Борбордун негизги көчөсү делинген Горький көчөсүндөгү абал ушундай болсо, шаар четиндеги жолдорду айтпай деле койсо болот го...

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222599

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.