Митингден кимдер, кантип акча жасайт?

  03.04.13   15:00
 449
 

Камчыбек Ташиев камалгандан кийин анын туугандары жана Барпы айылынын аксакалдары белгилүү бир оппозиционердин көрсөтмөсү менен билимдүүмүн деген бир кишиден камалгандарды коргоо акцияларын уюштуруп берүүнү суранышыптыр. Бирок бир нече жолку митингдерден кийин жанында жүргөндөр тигинин кылыктарын байкап калышыптыр. Себеби тиги шумпай Ташиевдин туугандары тарабынан берилген акчанын көпчүлүгүн нааразычылык акциясына жумшабай эле өзү кымырып алды дешет билгендер. Анткени ага чейин биз аты-жөнүн жашырып жаткан адам үйүн жана Хонда-CRV автоунаасын барымтага коюп банктан 2,5 млн. сом кредит алган экен. Кызыгы, ал бир нече митингдерди өткөрүү менен бирге өзүнүн миллиондогон карызын да жаап үлгүрүптүр.

24-мартта Жалал-Абадда өткөн курултайдын чарбалык иштерине да так ошол тыңчыкма башчылык кылган. Анын чоңдоруна берген отчету боюнча бул акцияны өткөрүүгө 1,5 миллион сомдон ашык каражат жумшалган. Ташиевдин "7-каналы" рекламалагандай, курултайда союлган үч жылкыны жалпы жонунан 240 миң сомго сатып алдым, ар бири 80 миң сомдон экен деп отчет берсе, андай жылкылардын базардагы наркы 50-60 миң сом турат экен. Ошол эле мезгилде ал башка азык-түлүктөргө, мисалы, 500 килограмм күрүчкө, майга, атургай митингге барып катышкандардын унаасына, тигилген боз үйлөрдүн ижара акысына төлөнгөн каражаттарды да үч эсе кымбаттатып ийиптир, эй! Ал эми тыйын бергендер анын бул адатын анча аңдабай Жалал-Абадда 29-мартта өтө турган акцияны да жетектейсиң деп коюшуптур. "Кара эчкиге жан кайгы, касапчыга мал кайгы" дейт кыргыз. Минтип бирөөнүн кайгысынан жасалган акча жугар бекен?

"Жаны Агым" гезити

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222602

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.