Эмне үчүн "Полит Клиника"?

  03.04.13   15:03
 518
 

"Жаңы бир гезит чыкты" деген кабарды укканда эле азыр эл "Дагы бир ушакчы гезит пайда болуптур да" деп иренжий түшөт. Анткени бүгүн гезиттин саны көп, бирок сапаты жок болуп калды. Азыркы журналисттер, менин кесиптештерим чындыкка туура келбеген маалыматтарды "дейт, имиш" деп жазууну өнөр кылып алды.

Маалымат каражаттары өздөрүнүн негизги функциялары болгон - маалымат менен камсыз кылуу, талдоо жүргүзүү, агартуу деген милдеттерин унутуп, саясаттын ыплас оюнуна аралашып алганын тана албайбыз. Саясат да кирдеп кетти, аны менен бирге коом да кирдеп кетти. Ушак айтып, бирөөнүн атына көө жапмай, жакпаган адамына жалган жалаа жабуу, алдыда баратканды буттан чалып жыгытмай деген нерселерге ар бир кадамыбызда жолугабыз. Кыргызды бүгүн мына ушундай жаман адаттарыбыз артка тартып тургандай. Ушинтип отуруп, өзүбүздүн кыргыз деген атыбызды, эгемендүү мамлекетибизди жоготуп албасак экен…

Дагы качан бийлик алмашат, дагы качан революция болот деп отурбай, келгиле, ар бирибиз өзүбүздүн аң-сезимибизде революция жасайлы. "Сен таза болсоң, мен таза болсом, коом да таза болот" деп айткан Исхак Раззаков. Тазаланалы!

Балким, бул өтө акылдуусунган сөздөй туюлар. Бирок биз, "Полит Клиника" гезити, маалымат каражаттарынын даректерине айтылган дооматтарды четке кагып, ушаксыз, интригасыз гезит чыгарууга болорун далилдейли деп аракет кылып турган чагыбыз. Кыйратып жиберебиз деп мактанбайбыз. Бирок биз аракетти баштадык. Биз саясатты, коомду тазалап, алдыга сүйрөгөнгө бир аз да болсо салымыбызды кошууга бар күчүбүздү жумшайбыз. Ошон үчүн гезиттин аты да "Полит Клиника". Ушак жазбай, акты ак, караны кара деп, калп сүйлөгөндөрдүн бетин ачып турсак - ошол биздин кошкон салымыбыз. Анда эмесе, биздин катарга кошулуңуз. "Полит Клиника" - такталган гана маалыматтар!

Дилбар Алимова, "Полит Клиника" гезити

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222603

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.