Европанын эң улгайган адамы өтүп кетти

  03.04.13   16:17
 354

Европанын эң улгайган адамы италиялык Мария Радаэлли 2-апрелде 114-жашка чыгаарына бир күн калганда каза болду. Бул тууралуу Лента.ру италиялык Il Giorno басмасына шилтеме берип кабарлаган.

Мария Радаэлли 1899-жылы 3-апрелде италиялык Ломбардия жергесинде төрөлгөн. 40 жылга жакын ал жибек ийрүүчү фабрикада эмгектенген. Радаэллинин эки баласы бар эле. 1974 - жылдан баштап, ал кызы менен Новате-Миланезе деген шаарда турчу.

Радаэлли "Интер" миландык футбол клубунун күйөрманы эле. "Интер" 2-апрелде Радаэллинин жакындарыны коңүл айтты.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222609

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.