Бекназаров: 7-апрель боюнча моралдык жоопкерчилик УӨнун 14 мүчөсүнө тең бирдей

  08.04.13   12:45
 396
 

Калайман түшүп, кан төгүлүп, бийлик алмашканына үч жылдын жүзү болду. Ак үйдөгү үлкөндөрдүн жүзү алмашканы менен тилекке каршы, коомдогу өзгөрүү анчейин байкалбайт. Жүздөн ашык кырчындай жигиттин өмүрүн алган бийлик алмашууга азыртадан баа берүү эртелик кылат. Баарын тарых өз ордуна коет. Бирок, азыртадан эле ага ачакей пикир айткандар арбын. Экономикалык жактан өсүш билинбегени менен саясий абал курчуунун эле үстүндө. Күн алыс эмес, саат аралык Ак үй асты митинг, пикет. Талаптар да ар кыл. Айрым адамдар "Биз 7-апрелди ушундай охлократиялык абалга алып келет деп ойлогон эмеспиз"-дешсе, митингди бизнеске айланткандардын күнү тууп жатат. "Деги эле бул кандуу датадан кийин биз эмнени күткөнбүз, жыйынтыгы кандай болду?"-деген жүйө менен өлкөдөгү революциялардын "өкүл атасы" Азимбек Анаркуловичти төмөнкүчө сүйлөттүк.

- Азимбек Анаркулович, сөздү камактан бошонуп кайра камакка кетишкен үч депутаттан баштасак. Коомдук жактоочусу катары аларга чыккан соттун өкүмүнө кандай баа бересиз?

- Эми чынын айтканда ал үч эл өкүлүнүн "Депутаттык мандатын алабыз"-деген гана кыска ойго алдырган саясий чечим катары сыпаттасак болот. Мындайча айтканда аларга саясий өкүм болуп калды.

- Бул үч эл өкүлү ушуну менен депутаттык мандатынан айрылып калабы?

- Эгерде өкүм күчүнө кирсе мыйзам боюнча Борбордук Шайлоо Комиссиясы алардын мандатын алып коет.

- Ушул үч депутаттын камалышынын себебин саясатчы катары эмнеден көрөт элеңиз?

- Бул саясат. Аны мен башынан эле айтып келе жатам. Азыркы "Ата-Журт" партиясы КСД партиясына жана 7-апрелден кийин келген бийликке бирден-бир оппонент болуп келди. Анткени, бул партиядагылардын көбү мурда Бакиев бийлигинде алар менен жакындан иштеп, айрымдары ал кездеги "Ак-Жол" партиясына мүчө болуп жүргөндөрдөн куралган. Ошого байланыштуу "Ата-Журт" азыркы бийликке негизги атаандаш болуп, парламент ичинде, сыртында ажону, өкмөттү сындап келишти. Айрыкча Бабанов өкмөт башына келгенден кийин түштүктө ири масштабда үч-төрт ирээт митинг өткөрүштү. Ошол эле учурда бул партиядан барган Акматбек Келдибеков спикерликтен түшүп калды. Анын үстүнө "Парламенттик шайлоодо эң көп добушту биз алганбыз, ошондуктан аткаруу бийлигин алышыбыз керек"-деген амбиция булардан кетпей койду. Мына ушул саясий күрөштү азыркы бийлик кылмыш түрүнө айлантып, натыйжада алардын активдүү үч депутатын камап койду. Азыр ушул үч депутаттын мандатын алып коюшса, кокту колоттон терилип келген "Ата-Журт" партиясынын депутаттары чилче тарап дымы чыкпай калат. Үч депутатын камап коюшту эле, жалгыз Келдибековдон башка эч кимисинин үнү чыкпай калды. Мындан тышкары бул үч депутатты камап, жанагы жалаң коммерсанттардан турган "Республика" партиясынын да үшүн алып коюшту.

- Сиз ушул бийликтин алмашуусуна активдүү салым кошкон адамсыз. Балким, сиздер атайын саясий куугунтук уюштуруу үчүн бийлик алмаштыргансыздар?

- Биринчиден 7-апрелди биз алып келген жокпуз. Ал революцияда жалпы карапайым калк үй-бүлөлүк башкарууга каршы бийликти алмаштырды. Элдик революция дегенге толук негиз бар. Муну "Сен кылдың, мен кылдым"-деген болбойт. Бул жалпы кыргыз элинин жаркын жашоого болгон үмүтү болгон.

- Ошол үмүт үмүт эми акталып жатабы?

- Биздин изги тилегибиз негизинен "Саясий куугунтук токтосун, эгерде оппоненттер чыкса ал парламентте олтуруп, мушташып, чачташса да ал парламентте болуп, бирок эл үчүн пайдалуу чечимдерди чыгарса экен"-деген тилек болчу. Ошону биз өлкөнүн баш мыйзамы болгон конституцияга жазып койдук. Тилекке каршы, ошол парламентте айтылган сындарга чыдабай азыр оппоненттерди бийлик камата баштады.

- Демек 7-апрель өз максатына жеткен эмес тура?

- Андай деп айтканга толук мүмкүн эмес. Анткени, ал күнү ошол учурдагы үй-бүлөлүк башкарууну жеңип, парламенттик системага келдик. Ошентсе да азыркы багытыбызда 7-апрель кагаз жүзүндө максатына жеткен менен иш жүзүндө тескерилеп, кайрадан президенттик авторитаризмге кетип бара жатабыз. Мыйзам боюнча парламенттик башкаруу болгону менен, азыр идеялар талашында кайрадан бир партияга жана анын "көсөмдүү жетекчисине" тизе бүкчүдөй болуп калдык. Себеби, азыркы конституцияга ылайык шайланып келген учурдагы парламент азыркы парламенттик системаны сындырганы калды. Анткени, азыркы Жогору Кеңеш колундагы бар укуктарды пайдалана албай кайрадан ажонун көзү карап отурушат. "Кум-Төрдү", өкмөттүн отставкасын да чечип, кайра аны курай турган да парламент болчу. Азыр алар бул маселени чечип, парламентте карагандын ордуна президенттин оозун карап отурушат. Болбосо, үч жылдын ичинде үч өкмөт башчысы алмашты. Биринин да парламент алдында отчетун коомчулук уккан жок. Ушунун айынан азыр Атамбаев президент, өкмөт башчы, министр, керек болсо облус губернатору болуп алды. Анткени, президент "Айлыкты көтөрөм, пенсияны көбөйтөм"-деп, тикелей өкмөт ишине кийлигишип, баш мыйзамда көрсөтүлгөн укуктарынан четтеп жатат. Мунун баары азыркы парламент өз табиятына каршы саясий оюндарга аралашып, өкмөт түзүүдө, кандайдыр бир деңгээлде чиновниктерди дайындоодо өздөрүнөн өздөрү президентке көз каранды болуп калышты. Менин пикиримде парламенттик система кайра өз баштарын жутуп бара жатат.

- Ушул системанын келишине сиздин да кандайдыр бир деңгээлде салымыңыз бар. Моралдык жоопкерчилигиңизди кантип байкасак болот?

- Менин бир позициямда келе жатканымдын өзү моралдык жоопкерчилик. Анткени, "Баш мыйзамда жазылган беренелер кагаз жүзүндө калбай, иш тажрыйбада аткарылсын, авторитардык бийлик орнобосун"-деген пикирди тутунуп келем. Ушуга байланыштуу досумбу, касымбы бирок, принципиалдуу түрдө президентти сындап жатам. Анткени, бул менин эл алдында, революциядагы балдардын төгүлгөн каны алдында менин моралдык жоопкерчилигим.

- Моралдык жоопкерчиликти жалгыз тарткыңыз келип жатабы?

- Мен антип айтуудан алысмын. Биздин моралдык жоопкерчилик 7-апрелдеги бийлик алмашкандагы Убактылуу Өкмөттүн он төрт мүчөсүнө тең бирдей. Ошол эле Отунбаева, Атамбаев, Текебаев, Сариев, Тургуналиев, Исаков, Каптагаев, Бекназаровдордун 7-апрелге карата болгон моралдык жоопкерчилигин тараза ташына салганда бирдей чыгат. Эртең эл моралдык жоопкерчиликти жеке менден эле эмес, баарыбыздан сурайт. Тилекке каршы, бул маселени ошол учурдагы Убактылуу Өкмөттүн баардык мүчөлөрү түшүнүп турса да мендей болуп эч кимиси эл алдына айта албай жатышат. Ошентсе да парламентте КСД партиясынын өкүлү болгонуна карабай Исмаил Исаков, ошол учурдагы Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү болбосо да "Ар-Намыс" фракциясынан Бөдөш Мамырова бул маселени көтөрүп келсе, азыркы системаны таңуулаган саясатчы катары негедир Өмүрбек Текебаевден үн чыкпайт. Тескерисинче "Парламенттик оппозиция түзөлү, эл байлыгы болгон "Кум-Төрдү" элге алып берели"-деген жигиттерди кайра азыр камап жатышат.

- Ошол жигиттердин коомдук жактоочусу катары алардын темир тосмодон секирип, "Чынгыз Хандын небереси" болушуна кандай карайсыз? Же, сиз дагы кайрадан бийликти алмаштырып, "Чыңгыз Хандын неберелерине" кошулгуңуз келеби?

- Мен Моңголдордун Чыңгыз Ханынын урпагы эмесмин. Мен Манастын урпагы болом. Эгерде алар андай Чыңгыз Хандын урпактары болуп, системаны алмаштыргылары келсе мен Улуу Манас Атабыздын урпагы катары эле мамиле кылмакмын. Бирок бир чындыкты айтып коеюн. Эгерде "Кум-Төрдөгү" кен байлык дагы эле сыртка ташылып, 270 тонна алтындын, 1,5 тоннасы гана мекенибизге калгыдай болсо бүгүн Камчыбек Ташиев жалгыз Ак үй дарбазасынан секирсе эртең миңдеген Камчыбектер ал темир тосмодон өтөт. Ошондуктан эл байлыгын элге беришибиз керек. Өз байлыгыбызды өзүбүз коргой албаган кандай мамлекетпиз? Ушул жагын эске алсак жакшы болот эле.

Төлөгөн Сулайманов, "Кереге.kg" гезити

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222615

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.