Моcквалык кыргыздар: Мезгил менен ааламды аралаган адам

  08.04.13   12:51
 477

Москва шаарына алгач келгенимде чыгармачыл жаштардын "Москва кайрыктары" адабий клубу уюштурган поэзия кечесине катышып калдым. Ошондогу жаш акындардын насаатчысы, кер муруту келишимдүү келбетине жарашкан, орду менен сүйлөп, омоктуу ойлорун айткан ак калпакчан адамды көрүп, Орусиянын ордо калаасында нукура кыргыз жүзүн, чыныгы кыргыз пейилин алып жүргөн адамга чын дилимден ичим жылыды. Ошондогу алтымышка аяк басып калган Айталы Жандаров агай менен таанышкан күнүм дале эсимде. Анын жаш баладай бүткүл денеси менен берилип кыпкыргызча күлгөнү жакты, мага. Алгач таанышкандан эле анын сөз багып, сөздүн кадырына жеткен жогорку билимдүү чыгармачыл инсан экенине ынандым. Ошентип, кең Москва шаарында ак калпагын башынан түшүрбөй, кыргыздын каада-салтын бекем кармап, жаштарга, келечек ээлери болгон уул-кыздарына терең үйрөткөн кыргыздын чыгаан инсаны менен таанышканыма кубанып отурдум.

Айталы Жандаров 1954-жылы Жалал-Абад областындагы Аксы районуна караштуу Кашка-Суу (Пача-Ата) айылында туулган. Ал 1978-жылы жазында жогорку окуу жайдан билим алсам деген аруу тилек менен ушул Москва шаарына келген. 1982-жылы Москвадагы мамлекеттик технологиялык Академияны бүтүрүп, экономика жана айыл чарба азык -түлүктөрүн уюштуруучу адистигине ээ болгон. Кийинчерээк, 1986- жылы атайын жолдомо менен Марксизм-Ленинизм университетин аяктады. 2002-жылга чейин айтылуу "Правда" басма үйүндө иштеген.

Айталы Жандаров жөнүндө жана анын адамдык нукура сапаттары менен чыгармачылыгы тууралуу айтып, сөзүбүздү түгөтө албайбыз. Жазсак, кагаз түтпөйт. Ошондой болсо да, бүгүнкү саныбыздагы "Москва кыргыздары" рубрикабыздын кадырман коногу, Москвалык кыргыздар терең кадырлап сыйлаган акын агабыз Айталы Жандаровдун айрым окурмандарыбызга белгилүү жана белгисиз сапаттарын ушул чакан макалабызда айталы деген максатты жүгөндөдүк.

Алгач Айталы аганын акындыгын айталы.

Анын чыгармачылыгынын тушоосун кескен эң алгачкы "Тоо гүлү" аттуу ыры мындан 41 жыл мурда ошол кездеги Жаңы-Жол районунун "Жаңы турмуш" газетасына жарык көргөн.

- Мен анда мектепте окуган кезим. Ушул ырым жарыяланган газетаны колума алганымда, ой, ушунчалык кубангандыгымды айтпа! Аны кайра-кайра окугандан тажаган эмесмин. Кетирекей балалык баео сезим менен ар кимге окутуп, мактанганым али эсимде. О-оо, андан бери жарым кылымга жакын убакыт өтүптүр. Ээ, иним, ушинтип өмүр дайрасы билинбей ага берет турбайбы?!

Айтса-айтпаса төгүнбү, Айталы аганын өмүрү текке өткөн жок. Ал чыгармачылыктын татаал жолунда билек түрүп, бел чечпей эмгектенди. Башкасын айтпаганда да, ал "Мезгил, аалам, адам - дүйнө" ырлар жыйнагынын 3 китебин жарыкка чыгарды. Андагы Мекенди сүйүү, Ата Журтка болгон сагыныч, бүтпөгөн махабат баяны, адамдын улуулугу менен бийиктигин даңазалаган ыр саптары окурмандын жүрөгүнөн түнөк тапты. Акын аталган "Мезгил, аалам, адам - дүйнө" ырлар циклинин 4- китебин жарыкка чыгаруунун алдында турат. Акындын чыгармачылык чеберчилиги, ырларынын жан дүйнөгө бүлүк салган

касиетин, ырларынын көпчүлүгү "Айталы" деген сөз менен коштолуп тургандыгынын сырларын окурмандарыбыз анын ырлар жыйнактарынан өздөрү окуп, өздөрү туюп-сезсе деген ойдобуз.

Эми Айталы аганын бала пейил, март мүнөзүн айталы.

Күнгө тотуккан каралжын жүзү менен чын пейилден карсылдап күлгөнү анын жөнөкөйлүгүн, кыргызга гана таандык болгон нукура мүнөзүн далилдеп турат. Айталы ага-жаратылышынан жоомарт адам. Улуу- кичүүнү бирдей сыйлаган ыймандуу инсан. Башкасын айтпаганда да, ушул 35 жыл Москва шаарында бөтөн жерде, бөлөк элде жашап жатканы менен кыргыз элинин улуулугун унутпай, каада-салтты бек кармап, кыргыз тилин жогору баалагандыгы, аларды уул-кыздарына жана Москвадагы кыргыз жаштарына терең үйрөткөнү анын улуулугун далилдейт. Өзү айткандай, кыргыздын кыйырга кеткен көөнөрбөс көркөм дөөлөттөрүн аздектеп, атанын жолун жолдоп, чыгармачылыктын чыйырын Айталы аганын уулдары Мезгил менен Аалам улантса деген аруу тилекти биз да ак тилектен айталы!

Айбаш КАЙЫП,

"Нур" - Москва

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222616

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.