Коррупция. Депутаттар. Кылмыш-жаза кодекси…

  08.04.13   13:22
 977

Акыркы мезгилде Кыргызстан коррупция деген "жугуштуу оору" менен ооруп, андан да жугуштуу "коррупцияга каршы күрөшүү" деген илдетти илип алдык. Тагыраагы, укук коргоо тармагы "ооруп жатат" бул "оорунун" түрү менен. Башкы прокуратура, УКМК, ИИМ коррупцияга байланышкан кылмыш ишин козгогонун койбойт, сот алардын аракетин "ашкабак үзгөнчөлүк" да баалабай, анча-мынча айып же жеңил жаза менен үйүнө узатып коюшканын токтотпойт. Өздөрү аталган "ооруну" илгери эле жугузуп алышса, "карга карганын көзүн чукуп отурмак беле".

Коррупцияга байланышкан кылмыш ишинин жеңиши катары мурдагы Социалдык өнүгүү министри Равшан Сабиров, Токтогул районунун судьясы Ж. Эгембердиев жана биз сөз кыла туган Талас облусунун мурдагы губернатору Н. Бектенов сыяктуу анча-мынча адамдар абак өтөөчү жайларда кармалып, "коррупцияга багытталган кылмыш ишинин жыйынтыгы деген алгылыктуу аракети" катары бааланууда.

Калганына токтолгонго гезит бети чектелүү, бүгүн мына ошол Талас облусунун мурдагы "жегич жетекчисинин" кылмыш ишинин оош-кыйыш жактарына токтололу.

Биз билгенден Кылмыш Жаза кодексинин жаңы редакциясы 1998-жылдан бери иштеп жатат. Ошондон бери кайра-кайра толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилип, жамала берип, укук тармагындагылар Кылмыш кодексин түшүнө деле албай калышты. Анткени Кылмыш Жаза кодекси деген маанилүү документке өзгөртүү, толуктоолор Жогорку Кеңеш тарабынан киргизилет. Жогорку Кеңеште кимдер гана жок. Базаркомдор, ботаниктер, артисттер, кээси эмнеге отурганын өздөрү деле түшүнбөйт. Ошентип, жалпы жана негизги бөлүмдөн турган кодексти жалпы айтканда айрымдарынын укук тармагынан дегеле түшүнүгү жок депутаттар "жалпайтып салышты". Башкасына токтолуп отурганга убакыт жок. Биз жогоруда сөз кылган коррупцияга байланышкан беренелерге киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолорго токтололу.

Өткөн жылдын 10-августунда Жогорку Кеңеш мыйзам кабыл алып, Кылмыш Жаза кодексинин пара алуу, пара берүү, ортомчу болуу деген жагдайларга тийиштүү беренелерин өзгөрткөн. Ага ылайык, 310-311-312-беренелерди бириктирип, "313-прим" деген толуктоо киргизилген. Эски редакциясында пара алган адамга 2000 сомдон 5000 сомго чейин айып пул салынса, жаңысында 3000 сомдон жогору салына турган болгон. Талапка ылайык бир сом эле ашык болсо, жаза "оорлотулду" деп эсептелет экен. Кылмыш Жаза кодексинин 7-беренесинде эгерде жаңы кабыл алынган мыйзам боюнча жаза "оорлотула" турган болсо, өзүнүн күчүн артка бербейт же болбосо, мурдагы мыйзам колдонууга жатпайт. Эгер жеңилдете турган жагдайлар болсо, анда колдонулат. Ушундан улам, мурдагы үч берене менен кармалгандардын иши акырына чыкпай калганын ардагер судья Султангазы Касымов баш болгон, укук коргоо тармагын беш колдой билген адамдар "инфаркт" болуп кала жаздашкан. Иш жүзүндө баш аламандык өкүм сүрүп, соттор оң-тескери иш алып барып, эптеп эле кылмыш иши козголгон менен акырына чыкпай, чыкса да Н. Бектеновдукундай сабатсыз өкүм чыгып калууда.

Конституциянын принциби боюнча мыйзамды башка мыйзам менен алмаштырып, жазасын оордотсо, ал мамлекеттик басылмаларга жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет. Демек 310-311-312-беренелерди 313-примге бириктиргенден кийин аталган кийинки мыйзам өткөн жылдын 12-августунан бери колдонулуп келүүдө. Конституцияда "жаза оорлотулса артка күчүн бербейт" деп бадырайып жазылып турат. Жогорку Кеңеш Конституцияны каакы ордуна көрбөй аталган Кылмыш жаза кодексине өзгөртүү, толуктоолорду киргизгенден кийин ал аткарылышы керек. Ал эми "бир кап ун, 3000 миң сом пара алган" деп шектелген Н. Бектеновго ачылган кылмыш иши "как раз" ага чейин козголгон кылмыш иштеринин катарында. Демек, анын кылмыш иши кыскарууга толук түрдө жатат. Эми ага козголгон кылмыш ишинин оң, тескерисине токтололу.

Н. Бектенов Кылмыш жаза кодексинин мурдагы редакциясынын 310-313-беренелери менен айыпталып, 5 жылга соттолуп №47 түзөтүү колониясында жаза өтөп жатат. Алгач Талас шаардык соту кылмыш курамы жоктугуна, тактап айтканда далилдин, күбөнүн жоктугунан актаган. Бирок, Талас облусунун соту "Талас шаардык сотунун 7-февралдагы Н. Бектеновду актаган чечимин жокко чыгаруу боюнча" Талас шаардык прокуратурасынын кайрылуусун канааттандырып 5 жылга соттогон. Аталган сот иштерине "жабырлануучумун" деп арыз берген Ислам Жакупов келген да эмес. Ошентип, өткөн жылдын 19-июнунда Талас облустук соту Н. Бектеновго 5 жыл жаза мөөнөтүн өтөөгө өкүм чыгарып, Жогорку Сот аны колдогон. Бирок, бул арада жогоруда биз кеп кылган Кылмыш Жаза кодексинин беренелерине өзгөртүү, толуктоону Жогорку Кеңеш кабыл алган. Демек, айтылып өткөндөй, Конституциянын принциби боюнча мыйзам башка мыйзам менен алмаштырылса, ал мамлекеттик басылмаларга жарыяланган күндөн баштап күчүнө киргенден кийин бул жагдай көңүлгө алынышы керек болчу.

Демек, Н. Бектеновду "коррупцияга каршы күрөшүү" деген компаниянын курмандыгы деп айтууга негиз бар. Ардагер судья Султангазы Касымов белгилегендей, коррупцияга Кылмыш Жаза кодексинин 22 беренеси арналган. Кызматында шалаакылык кылгандар деле, пара алгандар деле, ага кошулуп бүтүндөй элдин ырыскысын жегендер деле мунун ичине кирип кетип жатат. Калыстык үчүн карап көрөлү "кызматына шалаакылык кылган" деп кылмыш иши козголгон А. Шадиев менен Н. Бектеновдун мамлекетке келтирген зыяны канчалык. Тиги шордуу 3000 (миң) сом менен бир кап ун кабинетинен табылып калып, беш жылга соттолду. Бүтүндөй элдин убалына калып кое жаздаган А. Шадиевдин иши кыскарды. Чыгымын тим эле колу. Казакстандан келген көмүрдү чек арадан ары ыргытып жиберишкен жок да. Мунун бардыгы ардагер судья айткандай Кылмыш Жаза кодексине "уурулук" деген беренени жалпылап киргизип салып, сандык уурдаганды да, завод менен фабриканы уурдагандардын да кылмыш ишин теңеп салгандан келип чыгууда.

Ошентип, укук тармагына түшүнбөгөн Жогорку Кеңештин жоон топ депутаты тиши өтпөгөн маселени чампалап салып, айрым кылмышка шектүүлөрдүн чырагына май тамызса, айрымдарынын жок жерден соттолуп кетүүсүнө шарт түзүп берүүдө.

Укугун билбеген депутаттар уруша кетти

Жогорку Кеңеште күн алыс комедия. Аны уюштуруп турушпаса өздөрүнүн да баштары ооруйт. Кечээ этикет жана регламент комитет жыйынында вице-спикер Асия Сасыкбаева менен депутат Жылдызкан Жолдошева уруша кетти. "Ата-Журт" фракция өкүлү Жылдызкан Жолдошева "Ата Мекен" партиясынын өкүлү Асия Сасыкбаеваны "патриот эмессиз" деп айыптап жатып, ачуусуна чыдабай "антипатриот" деди. Ошентип, сөз алуу укугунан ажырап калды.

Капилеттен кезиктик, капабызды жазыштык….

Өткөн жылы 17-августта белорусиялык журналист Михаил Пашкевич мурдагы президенттин иниси Жаныш Бакиев эки кишинин коштоосунда Минс-киде жүргөнүн сүрөткө тартып алып, интернет аркылуу тараткан эле. Мына ошол сүрөттөгү Болотбек Кошоевге окшош киши ушул жылдын 13-мартында Мукар Чолпонбаев уюштурган митинг маалында Эркиндик бульварында үч адам менен сүйлөшүп турганы тууралуу да буга чейин айрым ЖМКларда жазылып, коомчулук арасында кызуу талкуу жараткан. Болотбек Кошоев "Жаңы Агым" гезитине маек берип, жогорудагы сүрөттө өзү экендигин тастыктаган. Көрсө, былтыр Минскиге илимий иликтөө иши менен барып, кафелердин биринде Жаныш Бакиевге капилеттен жолугуп калыптыр. Ал ортодо 35-40 мүнөт кобурашып, кафенин жанында турушкандан кийин курсактарын да кампайтып чыгышса керек ошол учурда белорусиялык блоггер аларды сүрөткө тымызын тартып алууга үлгүргөн экен. А бирок, Болот Кошоев Жаныш Бакиев менен 1984-жылдан бери дос экенин да жашырган эмес. Мындай болгондо илимий иш менен барган Болот Кошоевдин эки миллионго чукул калкы бар Минс-киден адашпай барып, Жаныш Бакиевге кезигип калганы кызык.

"Алиби" гезити

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222618

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.