Кадамжай районунун акими болуп Мадумаров дайындалды

  08.04.13   14:47
 505
 

Баткен облусунун Кадамжай районунун акими болуп Акрам Мадумаров дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан маалымдашты.

Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев тарабынан райондук кеңештин кароосуна төрт талапкер: "Ата Мекен" партиясынан Замирбек Жарматов, партиясыз Акрам Мадумаров, Коммунисттер партиясынан Жалаллиддин Рахматуллаев жана "Ар-Намыс" партиясынан Асамедин Ташовдор сунушталган.

Добуш берүүгө 294 депутаттын 280и катышкан. Добуш берүүнүн жыйынтыгында А.Мадумаровго 192 добуш берилген. Ал эми А.Ташовго 52, З.Жарматов 23 добушка ээ болгон. Ж.Рахматуллаев шайлоого катышуудан баш тарткан.

"Вечерний Бишкек" гезити

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222620

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.