Швейцарияда велокафе ачылды

Ишенүүгө кыйын, бирок бул чындык. Швейцариянын Цюрих шаарында мамлекеттик программанын алкагында атайын велосипед сүйүүчүлөр үчүн кафе ачылды.
  11.04.13   15:20
 320

Эгерде жер жүзүндө велосүйүүчүлөрүнүн бейиши бар болсо, ал анда Швейцарияда. Жыл сайын велотуристердин агымынын өсүүсүнөн келип чыккан муктаждыктарды канааттандыруу үчүн Швейцариянын Цюрих шаарынын бийлиги дизайнерлерди чакырышып, атайын кафе уюштурушту.

"Велокафе" деп аталган сервис, велосүйүүчүлөр үчүн бир чөйчөкчө кофени атайын орнотулган велоүстөлдүн үстүндө ичүүгө ылайыкталган. Мында атайын үстөлдөр гана орнотулбастан, шаарда велокафе тармактык кафелери велосипед тебүүчүлөрүн акысыз кофе менен тейлешет.

Велокафе - бул шаардагы транспорт кырдаалын жөнгө салып, анын ичинен унаа сүйүүчүлөрүнө, жөө адамдарга, вело жана мотосүйүүчүлөргө ыңгайлуу шарт түзүп, ошону менен бирге экологиялык абалды жакшыртуу максатында түзүлгөн мамлекеттик өнүгүү программасы болуп саналат.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222629

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.